Мурдагы вице-премьер Даир Кенекеевдин архивдик сүрөтү

Экс-вице-премьер Даир Кенекеев "Учкун" ишканасына жетекчи болду

120
(жаңыланган 23:03 05.11.2018)
Ал 2017-жылдын октябрынан 2018-жылдын апрелине чейин вице-премьер болуп иштеген.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Мурдагы вице-премьер Даир Кенекеев "Учкун" ишканасына жетекчи болду. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды. 

Өкмөттөгү булак Кенекеев аталган мекемеге жетекчи болуп дайындалганын тастыктады.

Буга чейин ал 2017-жылдын октябрынан 2018-жылдын апрелине чейин вице-премьер болуп иштеген.

Ага дейре өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.

120
Белгилер:
дайындоо, өкмөт, Даир Кенекеев, Учкун
Тема боюнча
Депутат Акылбек Жамангулов MegaCom компаниясынын жетекчиси болду
Пикирлер