КРдин президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган Турдуназир Бекбоевдин архивдик сүрөтү

Президенттин иш башкармалыгына жаңы жетекчи келди

287
(жаңыланган 00:15 07.11.2018)
Иш башкармалыкты сегиз жылдан бери жетектеп келген Туруспек Коеналиев октябрь айында ордун бошоткон.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Турдуназир Бекбоев КР президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Президенттик аппараттын Жарандык өнүктүрүү жана этностук саясат бөлүмүнүн экс башчысы Мира Карыбаева. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Бекбоев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, эми президент менен өкмөттүн иш башкармалыгын жетектемей болду.

Буга чейин Бекбоев түштүк аймактын бир нече райондорунун акими болгондон тышкары, КРдин Айыл чарба жана мелиорация министри кызматын аркалаган.

2017-жылдын ноябрь айынан бери Мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы болуп келген.

Ал эми иш башкармалыкты сегиз жылдан бери жетектеп келген Туруспек Коеналиев октябрь айында ордун бошоткон.

287
Белгилер:
дайындоо, кызмат, Турдуназир Бекбоев
Тема боюнча
Экс-вице-премьер Даир Кенекеев "Учкун" ишканасына жетекчи болду
Аскарбек Шадиев мандатынан ажыратылды
Пикирлер