Каденова чуусунан кийин жетекчисиз калган министрликке орун басарлар дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековНазначение на государственные должности
Назначение на государственные должности - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтин жетекчиси болуп Улукбек Кочкоров келген.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде жетекчинин жаңы орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жарлыгына ылыйык, эми аталган кызматтарды Ализа Солтонбекова, Камалдин Токтосартов жана Жаңыл Алыбаева аркалайт. 

КРдин президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган Турдуназир Бекбоевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Президенттин иш башкармалыгына жаңы жетекчи келди
Солтонбекова буга чейин өкмөт аппаратында иштеп, Чүй облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлдүн орун басары болуп келген. Токтосартов бир нече жыл мурда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон. Ал эми Алыбаева аталган министрликтеги бөлүмдөрдүн бирин башкарган. 

Буга чейин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги кызматтан четтетилген. 22-сентябрь күнү Сеулдан (Түштүк Корея) Алматыга уча турган аба каттамдагы чуудан кийин министрдин орун басары Зууракан Каденова кызматтан айдалган. Таалайкүл Исакунова менен Лунара Мамытова эл өкүлү Аида Касымалиеванын айыптоолорунан кийин кызматтан алынган. Ал эми Жылдыз Полотова болсо өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Министрликтин жетекчиси болуп Улукбек Кочкоров дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0