Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков. Архив

Чыңгыз Айдарбеков ЖККУнун Астанадагы отурумуна катышат

86
(жаңыланган 10:36 08.11.2018)
Анда уюмдун Коопсуздук кеңешинде карала турган ар тараптуу кызматташуу боюнча маселелер талкууланат.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) отурумуна катышат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чара 8-ноябрда Астана шаарында өтөт. Анда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин, коргоо министрлеринин кеңештеринин жана Коопсуздук кеңешинин катчылык комитетинин отуруму болот.

Катышуучулар ЖККУнун Коопсуздук кеңешинде карала турган ар тараптуу кызматташуу боюнча бир катар документтерди жана маселелерди талкуулашат.

86
Белгилер:
ТИМ, ЖККУ, Чыңгыз Айдарбеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Москвада Чыңгыз Айдарбеков Сергей Лавров менен жолукту
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Москвага барат
Пикирлер