ЖККУга төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өтөт

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЖККБ мамлекеттеринин желектери. Архив
ЖККБ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Казакстандын ЖККУга төрагалык учурунда жасаган иштерине оң баа берилгендигин айткан.

БИШКЕК, 7- ноя. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өтөрүн билдирди РФ президентинин жардамчысы Ушаков. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Биз Казакстандын ЖККУга төрагалык кылган учурда жасаган иштерине оң баа бердик. Эми бул вазийпа Кыргызстанга өтөт", — деп билдирген Ушаков.

ЖККУнун жаңы курамы 1999-жылы түзүлгөн. Анда Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мамлекеттери ортосунда келишим түзүлгөн. Учурда аталган мамлекеттер ЖККУга мүчө болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0