Кыргызстандын айрым соттору мал-мүлкүн жашырып койгону аныкталды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБирдиктүү салык декларациясы. Архив
Бирдиктүү салык декларациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендер декларация толтурушту.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын айрым соттору киреше жана чыгаша тууралуу декларациясында туура эмес маалыматтарды берген. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Генпрокурор КР Откурбек Жамшитов - Sputnik Кыргызстан
Жогорку сот менен баш прокурордун эмне байлыгы бар? Декларация
Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укук каттоо департаментинин маалыматына ылайык, декларациясын толтурууда айрым кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн көрсөтпөй койгон соттор аныкталган.

Мындан улам Башкы прокуратура Соттор кеңешинин алдындагы Дисциплинардык комиссияга кайрылып, мыйзам бузган декларанттын жоопкерчилигин кароо өтүнүчү келтирилген.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков жана анын жакындарынын киреше-чыгашасын көрсөткөнбүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0