КСДП: Алмазбек Атамбаев интервью берет. Сөз боло турган маселелер

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документте Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө жумшалган каражаты жарыяланып, сумма белгиленген чектен бир топ ашып кеткени айтылган.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин интервьюсу 19-ноябрда эфирге чыга турганын КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Өз сөзүндө ал интернет айдыңында тарап жаткан документ тууралуу айткан. Белгилей кетсек, кечээ, 15-ноябрь күнү, президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө жумшалган каражаты жарыяланып, сумма белгиленген чектен бир топ ашып кеткени айтылган.

"Биз кечээтен бери аталган документти талкуулап жатабыз. Көрсөтүлгөн сумма боюнча эч нерсе айта албайбыз, бирок расмий иш-чаралар менен адамдардын аты-жөнү реалдуу. Ошо кезде Жээнбековдун штабын жетектеп турган Фарид Ниязов да түшүндүрмө берди. Мындан тышкары, Алмазбек Атамбаевге "Апрель" телеканалынын журналисттери кайрылып, президенттик шайлоо жана каржылоо маселеси боюнча суроолорго жооп берүү өтүнүчүн айтышкан. 19-ноябрда интервью эфирге чыгат", — деди Жолдубаева.

Эскерте кетсек, мыйзам боюнча талапкер шайлоо өнөктүгүнө жалпы жонунан 165 миллион сомго чейинки каражат жумшай алат. Социалдык тармактарга тарап жаткан документте Жээнбековдун жумшаган суммасы 1 миллиард 170 миллион 265 миң 187 сом жана 7 миллионго чукул долларды түзгөн.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өткөн. Анда КСДПдан чыккан талапкер Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишип, 24-ноябрдан тарта кызматка киришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0