ЖККУнун туруктуу кеңешинин төрөгалыгына кыргызстандык ишмер дайындалды

Жазылуу
Жаңы кызматчыны жыйындагылар бир добуштан колдогон.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун ыйгарымдуу өкүлү Аман Мамбетсеитов ЖККУнун туруктуу кеңешинин төрагасы болуп дайындалды. Бул туурасында аталган уюмдан билдиришти. 

ЖККУнун туруктуу кеңешинин жетекчисин тандоо жыйыны бүгүн, 16-ноябрда өткөн. Ага уюмдун башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков, башкы катчынын орун басары жана кызматкерлер катышкан. 

"Туруктуу кеңештин төрөгасы болуп бир добуштан Аман Мамбетсеитов тандалды. Себеби уюмдагы өкүлчүлүк 2018-2019-жылдары Казакстандан Кыргызстанга ротациялык принцип менен келген", — деп айтылат маалыматта. 

ЖККУ алдындагы Казакстан Республикасынын ыйгарымдуу өкүлчүлүгү кыргызстандык кесиптеши Аман Мамбетсеитовго иштин символу катары балка белекке берди. Өз кезегинде мурдагы жетекчи Жаныбек Иманалиевдин ишине ыраазылык айтылды. Ал 2017-2018-жылдары эмгектенген.

Жаңылыктар түрмөгү
0