Атамбаев: Илмиянов камалбаганда шайлоо боюнча документ сыртка чыкмак эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы мамлекет башчы Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын бухгалтери өз өмүрү үчүн корккондуктан сыртка чыгып кеткенин билдирди.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев кечээ, 18-ноябрда, "Апрель" телеканалына интервью берди.

Анын үзүндүсү бүгүн, 19-ноябрда, социалдык тармактарга тарады. Анда Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө жумшалган каражаты боюнча жарыяланган документке комментарий берген. Белгилей кетсек, 15-ноябрь күнү жарыяланган документте Сооронбай Жээнбековдун шайлоого жумшалган каражатынын суммасы белгиленген чектен бир топ ашып кеткени айтылган.

"Апрель" телеканалынын журналисти аталган документ эмнеге азыр жарыяланып кеткенине кызыкты.

"Муну эсеп-кысап боюнча штабдын бухгалтери билчү. Ал акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүн алып чет өлкөгө чыгып кетти. Себеби өз өмүрү үчүн коркуп жатат. Менимче азыркы бийлик Бакиевдин жолу менен кетүүдө. Алар каалаганын кыларын көрсөтүү үчүн Медет Садыркуловду өлтүрүшкөн. Ал эми азыркы бийлик күнөөсүз Кубанычбек Кулматовду, Сапар Исаковду камап туруп "мына карагыла, биз каалаганыбызды камап, керек болсо өлтүрүп да кое алабыз" дегендей кылып жатышат. Буга байланыштуу адамдар өз өмүрү үчүн коркушууда. Менимче Илмиянов камалбаганда бул документ сыртка чыкмак эмес. Эгер шайлоого кеткен каражат таза болсо, эмнеге болгон сумманы ачык көрсөтүшкөн жок? Мындай көрүнүш, албетте, өкүндүрөт", — деди Атамбаев.

Экс-президенттин толук маеги бүгүн жарыяланары айтылууда.

Пресс-конференция президента Алмазбека Атамбаева на побережье Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин маеги. Тексттик трансляция
Эскерте кетсек, мыйзам боюнча талапкер шайлоо өнөктүгүнө жалпы жонунан 165 миллион сомго чейинки каражат жумшай алат. Социалдык тармактарга тарап жаткан документте Жээнбековдун жумшаган суммасы 1 миллиард 170 миллион 265 миң 187 сом жана 7 миллионго чукул долларды түзгөн.

Учурдагы өлкө башчынын маалымат кызматы Атамбаевдин билдирүүсү боюнча азырынча комментрий бере элек.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өткөн. Анда КСДПдан чыккан талапкер Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишип, 24-ноябрдан тарта кызматка киришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0