Атамбаев мындан кийинки кадамдары тууралуу айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года
Пресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-президент эмне себептен саясатта калганын түшүндүрдү.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаев мындан ары да саясатта кала турганын "Апрель" телеканалына берген маегинде билдирди.

Ал өз сөзүндө саясатта президент же премьер-министр болуу үчүн эмес, Бакиевдердин доору кайтып келбеши үчүн жана өлкө түшкөн жолунан адашпашы үчүн калып жатканын белгиледи.

"Ошентсе да 2017-жылы ишке ашырууга жол бербеген Конституциялык реформаны жасасам деген тилегим бар. Мына ушул нерсе үчүн мен саясатта калууга аргасызмын. Албетте, мен башка иштер менен алектенейин дегем, кийинки парламенттик шайлоого команда даярдайын дегем, бирок негизинен Алтай цивилизациясы, тарых, тил, анан албетте, бизнеске басым жасамакмын. Бирок учурда өлкө кайрадан Бакиевдердин жолуна түшүп кетчүдөй кырдаалда. Ошон үчүн саясатта калууга аргасызмын", — деди ал.

Атамбаев ошондой эле саясатчылардын жаңы муунуна жардам берип, өлкө чындап парламенттик мамлекет болушу үчүн аракет кыларын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0