Жээнбековдун президенттигине бир жыл. Козголгон чуулгандуу иштер

Жазылуу
Сооронбай Жээнбековдун журт башчылыгынын алгачкы жылында бир катар чуулгандуу кылмыш иштери козголду. Мурдагы эки премьер-министр, энерготармактын азыркы, мурдагы жетекчилери жана башка үлкөн аткаминерлердин иши тергөөдө.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине туура бир жыл толду. Sputnik Кыргызстан агенттиги анын президенттигинин бир жылында козголгон чуулгандуу кылмыш иштерин тизмектеп көрдү.

Кириш кеп

8-февралда Сооронбай Жээнбеков КР Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөшүүгө саясий эрки жетерин билдирип, паракорлорго согуш жарыялаган.

УКМКнын тергөө абагындагы "Премьер-министр" тобу

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаковдун жубайы Малика: экөөбүз тең жолугушууну күн санап күтөбүз
ЖЭБди (ТЭЦ — ред.) заманга бапташтыруу иши боюнча мурдагы эки премьер-министр камакка алынган. Сапар Исаков Бишкектин ЖЭБин модернизациялоо долбоорунда саясий абалынан пайдалануу менен TBEA кытай ишканасынын кызыкчылыгын коргогон делип, ага коррупция боюнча айып тагылган.

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган "Кылмышка шериктеш болуу" жана 303-беренесинин 1-бөлүгү "Коррупция" бөлүгүндө каралган кылмыштарга айыпталып жатат.

Экөө тең ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча айыпталып, атайын кызматтын Тергөө абагында кармалууда.

Энергетиктерге тагылган айыптар (камакка алынган убагындагы ээлеген кызматтары аталды)

УКМКнын маалыматы боюнча "Электр станцияларынын" бир катар жетекчилери ЖЭБди 2017-2018-жылдардагы жылытуу сезонуна даярдоо боюнча фирмалар менен келишим түзүшкөн. Каражат которулуп, ал эми ремонт иштерин жылуулук электр борборунун кызматкерлери өздөрү жасаган. Акча каражатын кымырып жана мыйзамсыз чыгарып алууга айыпталып "ЭС" ишканасынын директорунун мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев жана ушул эле мекеменин техникалык директору Алмазбек Жусупбеков камакка алынган "Электр станциялары" ААКнын башкы директору Узак Кыдырбаев, ошондой эле Бишкек ЖЭБин модернизациялоону башкаруу тобунун аткаруучу директору Тамерлан Бримкулов да камалган. Алар 221-берене ("Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануусу") боюнча айыпталышууда.

ЖКнын экс-депутаты Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шыкмаматов: Текебаевдин иши кайтадан каралышы керек
Жалал-Абад шаарынын мэри, ал эми мурда "Электр станциялары" ААКнын башкы директорлугун аркалаган Салайдин Авазов жана аталган ишкананын директорунун мурдагы биринчи орун басары Жолдошбек Назаров ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу камакта.

Быйыл апрелде "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКнын мурдагы башчысы Айбек Калиев кармалган. Ал ЖЭБди заманбапташтыруу ишиндеги коррупцияга айыпталган.

Ошондой эле мурдагы энергетика министри жана ошол убактагы ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынган. Ал кишиге дагы мурдагы эки премьер жана Айбек Калиевге эле тагылган айып — ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча иш козголгон.

Паспорт жана мектеп

Кубанычбек Кулматов Бишкектин мэри болуп турган кезинде 2 миллион долларлык грантты мыйзамсыз пайдалангандыгы боюнча күнөөлөндү. Ошондой эле ал Россия жана Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз түрдө алгандыгы боюнча да айыпталган, бирок доочу болгон МКК арызын кайра кайтарып алган. Анткен менен эски мэр берки иш менен камакта.

Суудан кечип өтүп…

ЖКнын экс-депутаты Аскарбек Шадиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сот, кат жана мандат. Шадиевдин айланасындагы ызы-чуу
Апрелдин аягында мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголгон.

Ага ЖКнын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин башчысы Арсен Закировдун Шадиев кол койгон каттын негизинде эки миллион сомду кымырып алышы себеп болгон. УКМКнын версиясы боюнча кылмыш иши козголоордон бир күн мурун ал Баткен облусундагы Исфана шаарына тууганын жерге берүү зыйнатына катышуу үчүн барган. Андан ары Лейлек районундагы Арка айылындагы суу аркылуу мамлекеттик чек арадан өтүп, Тажикстанга барып, андан ары Нью-Йоркко учуп кеткен.

Кылмыш иши боюнча рекорд

Борбор калаанын эски мэри Албек Ибраимов 19-июлда кармалган. Ал төрт кылмыш ишине шектелүүдө. Биринчисинде "ТНК Дастан" ААКсы атайын буюмдарды ташып келүү боюнча ири келишимди түзгөндүгү үчүн ошол убактагы башкаруу тобунун төрагасы Албек Ибраимов ташып келүүчү ишканадан ыраазычылыкка 270 миң доллар алган деп белгиленет.

Экс-директор Департамента туризма при Минкультуры Максат Чакиев - Sputnik Кыргызстан
"Братва" менен бир жайга жайгаштырууну өтүндүм. Максат Чакиев менен ачык маек
Экинчи иште мурдагы мэр ага ишенип берилген мүлктү чыгымдаганы жана ээлеп алууга шектелди. Кылмыш иши "Солнечный берег" пансионат" ААКнын 100 пайыз акциясын сатуу фактысы боюнча козголгон. Анын натыйжасында "ТНК Дастан" ишканасына 152 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.

Үчүнчү кылмыш иши баш калаадагы жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү коррупция фактысы боюнча козголгон. УКМКнын версиясына таянсак, мэр болуп турган убагында Ибраимов жеке жактарга пайдаланууга жерди мыйзамсыз берүүнүн коррупциялык схемасын уюштурган. Төртүнчү иш да "Коррупция" беренеси боюнча ачылган: Ибраимов Бишкектин түштүгүндөгү жер тилкелерин муниципалдык менчиктен чыгарып, андан ары сатуу схемасын түзгөн деп айыпталат. Бул киши да УКМКнын тергөө абагында.

"Бомба" иши

Официальный визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: менин учурумда эки жансакчым мамкызматка келди
Былтыр 24-ноябрда, инаугурация күнү, күч органдарына өкмөттүк трассанын боюнда коюлган жардыргыч түзүлүш тууралуу маалымат түшкөн. Бул жөнүндө ИИМ Академиясынын курсант кызы кабарлап, аны ошол убактагы Мамлекеттик мүлк фондусунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиев айтканын билдирген. Аткаминер курсант кыз анын сөздөрүн каңырыш угуп алганын түшүндүргөн. Зилалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси ("Терроризм актысы тууралуу атайын жалган маалымдоо") боюнча айып тагылган. Ал үч жылга шарттуу кесилген.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Илмияновду 20-октябрда Россиянын аймагында кармашып, Бишкекке алып келишкен. Ал көз боемочулукка (алдамчылык шеги менен) шектелип, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0