Путин президенттиктен кеткенден кийин Россиянын тагдыры кандай болорун айтты

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы "Россия зовет!" инвестициялык форумунда сөз сүйлөгөн.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин ал саясаттан кеткенден кийин деле өлкөнүн сапары байсалдуу болорун айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

Мамлекет башчысы "Россия зовет!" деп аталган инвестициялык форумда сөз сүйлөп, президенттиктен кеткенден кийин Россиянын тагдыры кандай болот деген суроого жооп берген.

"Каякка шашып жатасыңар? Мен азырынча эч жакка кетпейм. Россиянын абалы ушу тапта жакшы, бирок биз бардык өнөктөштөрүбүз менен, анын ичинде АКШ да бар, кызматташууга даярбыз. Бир катар улуттук долбоорлор иштелип чыккан, алар ишке ашат. Ушул жол менен эле кете берсек, өлкө жакшы жагына гана өзгөрөт", — деди Путин.

Жыл сайын өтчү иш-чара 28-ноябрда башталган, 30-ноябрда жыйынтыкталмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0