Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандагы БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өкүлү Дорджи Кинлай менен анын миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолугушту.

БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлүнүн КРдеги миссиясы аяктады

36
(жаңыланган 12:55 03.12.2018)
Мухаммедкалый Абылгазиев Дорджи Кинлайга мындан аркы ишине ийгиликтерди каалап, аны энчилүү саат менен сыйлады.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандагы БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өкүлү Дорджи Кинлай менен анын миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда өкмөт башчы ФАО өкүлчүлүгүнө адамдардын жашоо деңгээлин жана тамактануусун жакшыртууга, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү натыйжалуулугун камсыздоого көмөктөшүүсү, ошондой эле айыл жергесин өнүктүрүүнү жана тургундардын жашоо шартын жакшыртууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр өлкөбүздөгү маанилүү долбоорлорду каржылоо жана техникалык көмөк көрсөтүү үчүн донорлордун күч-аракетин мобилизациялоодогу ФАОнун өзгөчө ролун белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев Дорджи Кинлайга мындан аркы ишине ийгиликтерди каалап, аны энчилүү саат менен сыйлады.

36
Белгилер:
Бириккен Улуттар Уюму, Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргызстан
Тема боюнча
Жакишева: адам күнүнө 5 маал бир убакта тамактануусу керек
Кыргызстан ЕЭАБ өлкөлөрүнө 4 сунуш киргизди. Абылгазиевдин сөзү
Centerra сатылабы? Исаковдун макулдашуусуна Абылгазиевдин ичи чыкпайт
Пикирлер