Эмир Чукуевдин архивдик сүрөтү

"Манас" аэропортунун жетекчиси кызматынан кетти

345
(жаңыланган 11:48 04.12.2018)
Эмир Чукуев ачык типтеги "Манас" эл аралык аэропортун 3,5 жылдан бери башкарып келген.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Эмир Чукуев бүгүн, 3-декабрда, ачык типтеги  "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчилигинен кетти. Бул туурасында аталган ишканадан кабарлашты.

Анын бул кызматтан эмне себептен кеткендиги азырынча айтыла элек. "Манас" жетекчилигинин милдетин башкармалар кеңешинин мүчөсү, инфраструктуралык өнүгүү дирекциясынын директору Абдималик Бусурманкулов аткарууда.

Чукуев 2015-жылдын апрель айында башкармалыктын төрагасы болгон.

345
Белгилер:
кызмат, отставка, "Манас" эл аралык аэропорту, Эмир Чукуев, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков маанилүү күч түзүмдөрүндөгү эки жетекчини кызматтан алды
Пикирлер