Бишкекте "Түндүк" бажысынын жетекчи орун басары Мамбетжунушева кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик Бажы кызматынын имараты. Архив
Мамлекеттик Бажы кызматынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элнура Мамбетжунушева Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бишкекте "Түндүк" бажысынын жетекчи орун басары Элнура Мамбетжунушева кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтагы ишенимдүү булак Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Бажы кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бажыга орношсом айлык албай иштейт элем дегендер бар. Пенсия тууралуу талкуу
Ал качан жана кайсы жерде кармалганы боюнча так маалымат жок. Мамбетжунушева шаардык милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Быйыл май айында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты Борбордук бажынын мурдагы жетекчиси Нурбек Айбашевди кармаган болчу. Финансы полициясы мурдагы аткаминерге таандык үйдүн видеосун көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0