Омбудсмен Токон Мамытов президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда

Жээнбеков акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алды

113
(жаңыланган 02:56 05.12.2018)
Жээнбеков бардык арыз-даттанууларды кылдат териштирип, адилеттүү баа берүү жана тиешелүү чараларды көрүү жарандардын мамлекеттик бийликке болгон ишенимин жогорулатарын айткан.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Акыйкатчыга элден түшкөн арыздардын 70 пайызы сот, тергөө жана прокуратура органдарынын канааттандырарлык эмес жумушуна байланыштуу. Бул туурасында омбудсмен Токон Мамытов президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

  • Акыйкатчыга элден түшкөн арыздардын 70 пайызы сот, тергөө жана прокуратура органдарынын канааттандырарлык эмес жумушуна байланыштуу
    Акыйкатчыга элден түшкөн арыздардын 70 пайызы сот, тергөө жана прокуратура органдарынын канааттандырарлык эмес жумушуна байланыштуу
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Бул туурасында омбудсмен Токон Мамытов президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
    Бул туурасында омбудсмен Токон Мамытов президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Акыйкатчыга элден түшкөн арыздардын 70 пайызы сот, тергөө жана прокуратура органдарынын канааттандырарлык эмес жумушуна байланыштуу

Мамытов институттун аппараты "115 ыкчам байланыш" кызматынын ишин жандандырып, анын жардамы менен жарандар ар кандай маселелер боюнча кайрылып жатканын билдирген.

Мындан сырткары, ал Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгына байланыштуу 2018-жылдын 10-декабрында Бишкек шаарында өтө турган "Адам укуктары Кыргыз Республикасында конституционализмдин жана парламенттик демократиянын негизи катары" конференциясы тууралуу маалымат берген.

Жээнбеков Кыргызстандагы адам укуктарын коргоонун жана алдыга жылдыруунун маанисин белгилеп, алдыда болжолдонгон адам укуктары боюнча конференцияда каралчу маселелерди колдой турганын билдирген.

Ал сот, тергөө жана прокуратура органдарынын ишине байланыштуу Омбудсмен институтуна түшкөн арыздар дагы бир жолу бул тармактагы токтоосуз реформанын зарыл экендигин айгинелеп турганын айткан.

"Бардык арыз-даттанууларды кылдат териштирип, адилеттүү баа берүү жана тиешелүү чараларды көрүү жарандардын мамлекеттик бийликке болгон ишенимин жогорулатат. Бул багытта Омбудсмен институту реформаларга жооптуу мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта болушу керек", — деди президент.

26-сентябрда Токон Мамытов КР акыйкатчысы болуп шайланган. Анын талапкерлигин 79 депутат колдогон.

113
Белгилер:
акыйкатчы, Токон Мамытов, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Мамытов: кылмыш ишин кара жип, ак жип менен кантип токушарын жакшы билебиз
Пикирлер