"Манас" аэропортуна жаңы жетекчи дайындалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" эл аралык аэропорту. Архив
Манас эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы талапкер 2011-жылдан бери "Газпромнефть Азия" ишканасында иштеп келген.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Нурлан Акматов "Манас" эл аралык аэропортуна жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан кабарлашты.

Мындай чечим шаршемби күнү "Манас" аэропортунун директорлор кеңешинин жыйынында кабыл алынды.

Портфельчен кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын ээсиз турган элчиликтери. Тизме
Нурлан Акматовдун эки жогорку билими бар. Ал 1993-жылы Скрябин атындагы айыл чарба институтун экономика адистиги боюнча аяктаган, ал эми 1998-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

2011-жылдан бүгүнкү күнгө чейин "Газпром нефть Азия" ишканасында эмгектенген.

Буга чейинки төрага Эмир Чукуев өз ыктыяры менен кызматтан кеткен болчу. Ал эми анын милдетин аткаруучу болуп Мирлан Бегалиев дайындалган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0