Жээнбеков: чөнтөгүн кампайтууну каалаган мамлекеттик кызматкерлерди уяткаруу керек

Жазылуу
Мамлекет башчысы жарандык коомдун активдүү катышуусу коррупция менен күрөшкө жакшы көмөк болуп жаткандыгын билдирген.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жасап, өз кызыкчылыгын көздөгөн мамлекеттик кызматкерлерге  өзгөчө чара көрүү зарылдыгын айтты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Президент коррупция менен күрөшүү Кыргызстанда мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экендигин айткан.

"Адам факторун четтетүүгө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү кызматкердин жарандар менен түз байланышын азайтууга багытталган чаралар көрүлүп жатат. Ишкерлерди алардын бизнесине киришүүлөрдөн жана көптөгөн мыйзамсыз текшерүүлөрдөн коргоо боюнча чечкиндүү кадамдар жасалууда", — деп айткандыгы жазылган маалыматта.

Мамлекет башчы жарандык коомдун активдүү катышуусу коррупция менен күрөшкө жакшы көмөк болуп жаткандыгын билдирген.

Чөнтөккө акча салып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрдин орун басары кайсы тендер үчүн пара алган? Чоо-жайы
Андан сырткары, өзүнүн материалдык кызыкчылыгын көздөгөн мамлекеттик аткаминерлердин жазалоо жана уяткаруу зарылдыгын айткан.

"Мамлекеттик кызматты өз чөнтөгүн кампайтуу үчүн пайдаланган адамдар мыйзам чегинде жазаланып эле тим болбостон, аларды журт алдында катуу уяткаруу керек. Коррупция, тек, мыйзамсыз гана болбостон, коомдо элдин ырыскысына суук колун салган чиновниктер эл аралап баса албай кала тургандай кырдаал түзүлүүгө тийиш!" — деген президент.

Буга чейин Кыргызстанда дагы бир ири пара менен кармоо фактысы болду. Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөн

Жаңылыктар түрмөгү
0