Депутат: экс-министр Касымалиевге мамлекеттик сыйлык берилсин

© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Таабалды Тиллаев
Депутат ЖК Таабалды Тиллаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда парламенттин тармактык комитети каржы министрине талапкер Бактыгүл Жээнбаеванын маселесин карап жатат.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Депутат Таабалды Тиллаев комитет жыйынында мурунку финансы министри Адылбек Касымалиевге мамлекеттик сыйлык берүү сунушун киргизди.

Ушу тапта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйыны өтүп, депутаттар каржы министрине Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерилигин карап жатат. Тиллаев вице-премьер Замирбек Аскаровдон Касымалиевдин кызматтан кеткен себебин сурады.

Аскаров Касымалиев өз арызы менен кеткенин белгиледи.

"Эс алайын деп өзүнүн арызы менен кетти", — деди вице-премьер.

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: өкмөт Кытайдагы этникалык кыргыздар тууралуу маалымат берсин
Өз кезегинде Тиллаев Касымалиевге жыл аягына чейин иштегенге мүмкүнчүлүк берилсе жакшы болмоктугун айтып, ага мамлекеттик сыйлык тапшыруу жагын карап көрүүнү сунуштады.

Жээнбаеванын талапкерлигин кароо жабык эшик артында болуп жаткан, бирок жыйындар залынан чыккан депутат Исхак Масалиев андай чечим кабыл алынбаганын айтып, журналисттерди жыйынга киргизди.

Жаңылыктар түрмөгү
0