Атамбаев: бир гана нерсеге өкүнөм...

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Экс-президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-президент өтүп бара жаткан жылы аны жок кылууга аракеттер көрүлгөнүн жар салды.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына маек куруп жатып, өкүнгөн нерсеси тууралуу айтып берди.

Экс-президент ушу тапта аны каралоо жана жасаган ишин жокко чыгаруу боюнча кампания жүрүп жатканын белгиледи.

"Жыл оор болду. Мени четтетүү, жок кылууга аракеттер жүрдү. Бирок чынын айтсам, мен мунун баарын башыман өткөргөм", — деди Атамбаев.

Кыргызстандын учурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков жана экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Жээнбеков менен элдешүү үчүн кандай аракет кылганын айтты
"Баарынан көбүрөөк эмнеге өкүнөсүз?"  деген суроого мурунку өлкө башчы кадр жана достук маселесинде жаңылышканын айтты.

"Эң чоң катамды президенттик шайлоодо кетирдим. Элимен бул үчүн кечирим сурайм. Кудай буюрса, убакыт баарын өз ордуна коет", — деп кошумчалады экс-президент.

Атамбаев өтүп бара жаткан жыл жакшы ирмемдер менен да коштолгонун, мисалы, кызы Алия неберелүү кылганына токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0