Депутат Нурбаев: эмнеге министр Калилов иштен кетпей, өкмөт үн катпай жатат

Жазылуу
Буга чейин депутат "520 миң доллар параны алууга министр баштаган бир топ адамдар аралашып, акчаны бөлүшкөнсүңөр" деп кине койгон.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. 520 миң доллар пара менен кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин иши боюнча өкмөт эмнеге үн катпай жатат? Мындай пикирин депутат Абдывахап Нурбаев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Бул боюнча ал өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылганда, ал бир аздан кийин премьер-министр келерин маалымдап суроону өзүнө узатууну сунуштады.

"520 миң пара менен кармалган министрдин орун басарын элдин баары кеп кылууда. Ушуга чейин өкмөт позициясын билдирбей, оозун ачып отурат. Эмнеге министр Жамшитбек Калиловду отставкага кетирбейт? Муну кандай түшүнсөк болот?" — деп суроо салды депутат.

Орун басарымдын ишин мурда эле билгем. Калиловдун капыл-тапыл маеги видеодо - Sputnik Кыргызстан
Орун басарымдын ишин мурда эле билгем. Калиловдун капыл-тапыл маеги видеодо
Белгилей кетсек, Нурбаев кечээ тармактык комитеттин жыйынында дагы бул маселени көтөрүп 520 миң долларды бир адам алуудан коркорун айтып "буга министр баштаган бир топ адам аралашып, акчаны бөлүшкөнсүңөр" деп кине койгон.

Моралдык жоопкерчилик боюнча Жамшитбек Калиловдун пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан угуңуздар. 

Эскерте кетсек, транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев жол куруу боюнча өткөрүлгөн тендерде чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашкан. Акчанын 50 миң долларын алып жатканда аны УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы колго түшүргөн. Аткаминер андан мурдараак 120 миң долларын алган, калганы кийинки жумада колуна тиймек.

Жаңылыктар түрмөгү
0