Абылгазиев министр болчу Жээнбаеванын артыкчылыктарын санап берди

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы министр Адылбек Касымалиев декабрдын башында өз арызы менен кызматтан кеткен болчу.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев финансы министрине талапкер Бактыгүл Жээнбаеваны депутаттарга тааныштырып жатып, мурдагы каржы министри Адылбек Касымалиев эмнеге кызматтан кеткенин так айтты.

Касымалиев декабрдын башында өз арызы менен кызматтан кеткен болчу.

"Адылбек Касымалиев ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетүү боюнча арыз жазды", — деди Абылгазиев.

Премьер каржы министри болуп келе турчу Жээнбаеванын тажрыйбасы мол экенин айтып, финансы жаатында 25 жылдан бери иштеп келе жатканына токтолду.

Депутат ЖК Таабалды Тиллаев - Sputnik Кыргызстан
Депутат: экс-министр Касымалиевге мамлекеттик сыйлык берилсин
Өкмөт башчынын ырасташынча, Бактыгүл Жээнбаева кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Финансы жаатына тиешелүү Кыргызстандын мыйзамдарын жакшы билерин белгилеп, каржы министри кызматына дайындоо үчүн анын талапкерлигин жактырып берүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин каржы министрине жактырган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0