Масалиев каржы министрине талапкер Жээнбаеванын мүнөзү чорт экенин айтты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутаты Исхак Масалиев
Депутаты Исхак Масалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Жээнбаевага министр болуп келгенде жамаатка бирдей мамиле кылууну сунуштады.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев каржы министри кызматына сунушталып жаткан Бактыгүл Жээнбаеванын мүнөзү оор, адамдар менен тез урушуп кетмей кыялы бар экенин парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Учурда депутаттар каржы министри кызматына Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин карап жатышат. Аны эл өкүлдөрүнө премьер Мухаммедкалый Абылгазиев өзү тааныштырды.

"Сураштырсам мүнөзүңүз абдан оор экен. Адамдар менен тез урушуп кетет экенсиз. Кызматкерлерди иштен тез бошотуп жиберген адатыңыз бар экен. Ойлонуп көрсөк, балким каржы министрлигине азыр ажыдаар функцияны аткарыш үчүн ушундай киши керек болуп жаткандыр", — деди депутат.

Отчет о работе правительства КР за 2017 год в ЖК - Sputnik Кыргызстан
Премьер: министр Калилов орун басарынын ишине тиешеси жоктугун айтууда
Масалиев, андан сырткары, Жээнбаеванын талапкерлигин депутаттар бүгүн колдой турганын, министр болуп барганда айрым сапаттарын сыртта калтырууну сунуштады.

"Сизге сунушум жеке мүнөзүңүздү, айрым сапаттарыңызды сыртка калтырыңыз. Жамаатка тең мамиле кылып, калыстык менен иштесеңиз. Министрликтин ишмердигин көтөрсөңүз дейт элем", — деди депутат.

Өкмөт башчы Абылгазиевдин айтымында, каржы министрине талапкер болуп жаткан Жээнбаева финансы тармагында 25 жылдан ашык иштеп келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0