Парламентте Бабановдун иши каралбай калды. Себеби

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК 6-го созыва Омурбек Бабанов
Депутат ЖК 6-го созыва Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүрбек Бабановдун иши боюнча маалымат алуу үчүн УКМК менен Башкы прокуратуранын жетекчилери парламентке саат 16.00гө чакырылган болчу.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында экс-депутат Өмүрбек Бабановдун иши боюнча маалымат алууга убакыт жетпей калды. Бул туурасында эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Ал ошондой эле эртең, 13-декабрда, бул маселени күн тартибине киргизүү сунушталып, ал добуш берүү аркылуу чечилерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, депутат Максат Сабировдун сунушу менен маселе күн тартибине киргизилип, УКМК менен Башкы прокуратуранын жетекчилери парламентке чакырылыган. Алар бүгүн саат 16.00дө келип Бабановдун иши боюнча маалымат бермек.

ЖКнын экс-депутаты Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Руслан Казакбаев: жакында Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келиши керек
10-декабрда экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына берген маегинде Бабанов улуттар аралык кастыкты козутпаганын жана Он-Адыр айылында айткан сөздөрү боюнча ага козголгон ишти токтотуу керек деген пикирин президент Сооронбай Жээнбековго айтканын билдирген. Буга мамлекет башчысы макул болгонун кошумчалаган.

Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго карата "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады" жана "Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутту" деген кине менен президенттик шайлоодон кийин кылмыш ишин козгогон. Ал учурда Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен. Кийин Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидерлигин өткөрүп берип, саясаттан кеткен. Андан көп өтпөй эле депутаттык мандатынан ажыратылган

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында УКМК Өмүрбек Бабановго карата бийликти күч менен басып алуу, массалык башаламандык уюштуруу боюнча козголгон кылмыш иштеринин тергөө процессин токтоткон.

Жаңылыктар түрмөгү
0