Кыргыз-казак өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев менен. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министрлер соода жаатындагы тоскоолдуктарды жоюу маселесин дагы талкуулашты.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Рабочая встреча глав государств центрально-азиатского региона и России - Sputnik Кыргызстан
Борбор Азия өлкөлөрүнүн мурдагы президенттеринин балдары эмне менен алек?
Билдирмеге караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында өз ара кызматташуунун келечеги талкууланды.

Ошондой эле премьер-министрлер соода жаатындагы тоскоолдуктарды жоюу маселесин чечүү үчүн эки тараптуу тыгыз кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0