Жээнбеков Жээнбаеваны финансы министри кылып дайындады

© Фото / пресс--служба ЖКФинансы министрлигине дайындаган Бактыгүл Жээнбаева
Финансы министрлигине дайындаган Бактыгүл Жээнбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-декабрда Жогорку Кеңеш өкмөт сунуштаган бул аткаминердин талапкерлигин 101 добуш менен колдогон.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бактыгүл Жээнбаеваны Финансы министрлигине дайындаган Жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Президенттин Жарлыгына ылайык, Бактыгүл Жээнбаева мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын финансы министри болуп дайындалды", — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 12-декабрда, Жогорку Кеңеш өкмөт сунуштаган Жээнбаеванын талапкерлигин 101 добуш менен колдогон.

Мурдагы каржы министри Адылбек Касымалиев өз арызы менен кызматтан кеткенден кийин орду бош турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0