Жогорку Кеңеш экс-президенттин кол тийбестигин алууну биринчи окууда колдоду

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция президента Кыргызской Республики Алмазбека Атамбаева
Пресс-конференция президента Кыргызской Республики Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган мыйзам долбооруна 100 депутат макул болсо, эки депутат каршы чыкты.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Добуш берүүгө жалпысынан 102 депутат катышып, 100 депутат макул десе, 2 депутат каршы болду.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоорун депутаттар Курманкул Зулушев ("Республика" — "Ата-Журт") менен Исхак Масалиев ("Өнүгүү — Прогресс") демилгелеген.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акылбек Жапаров: экс-президенттер, экс-премьерлер концертиңерди койгула!
Ошентип депутаттар мыйзам долбоорунун жалпы концепциясын колдоого алды.

Долбоордун авторлорунун бири Курманкул Зулушев 12-берене бүгүнкү күнү мазмунуна жооп бербей калганын жана колдонулган Конституциянын нормаларына карама-каршы келерин айтты. Жаңы Башмыйзамда мамлекет башчысынын кол тийгистигинин деңгээли төмөндөтүлгөн жана Конституцияда анын үй-бүлөсүн мамлекеттин камсыздоосу жөнүндө норма жок. Ушуга байланыштуу "КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталып жатканына токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0