КСДП фракциясы вице-спикерликке Аида Касымалиеванын талапкерлигин жактырды

© Фото / Алишер АлиевЖогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төраганын эки орун басары бар, бирөө көпчүлүк коалициядан болсо, экинчиси оппозициядан дайындалат.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы көпчүлүк коалициянын атынан вице-спикерликке Аида Касымалиеванын талапкерлерлигин жактырды.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акылбек Жапаров: экс-президенттер, экс-премьерлер концертиңерди койгула!
Фракция мүчөсү Абдывахап Нурбаев бул аракет "ротация" экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди. Ал ошондой эле учурдагы вице-спикер Асел Кодуранова депутат болуп ишин улантарын кошумчалады.

Кодуранова вице-спикер болуп былтыр 1-ноябрда дайындалган болчу.

Төраганын эки орун басары бар, бирөө көпчүлүк коалициядан болсо, экинчиси оппозициядан (Мирлан Бакиров, "Өнүгүү — Прогресс") дайындалат.

Регламентке ылайык, фракция талапкерди тандаган чечим чыгаргандан кийин 72 сааттан кем эмес мөөнөттө Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет карап, андан соң парламенттин жалпы жыйынына алып чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0