Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун архивдик сүрөт

Калилов: кечирим сурайм, "уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат" болдум

742
(жаңыланган 18:08 09.02.2019)
Ал коррпуциялык элементтер боюнча маалыматты тиешелүү органдарга мындан 2-3 ай мурда бергендигин айтты.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов отставкага кетип жатып, өзү жетектеген министрликтен кечирим сурады.

"Өз каалоом менен арызымды премьер-министрге жазып бердим. Бул кадам орун басарымдын кылган иштеринин алкагында болду. Бул жерде менде моралдык жоопкерчилик бар. Саясатка айланып кетти. Ушундай нерсенин болуп кетерин, ага карата алдын ала чараларды көрбөгөндүгүмө байланыштуу кечирим сурайм. Бир адамдын кылган мыйзамсыз ишинен жалпы Транспорт министрлигиндеги ак, өз эмгеги менен чын дилинен иштеп келген адамдардын бардыгына көө сыйпалып калгандыгына байланыштуу өзүмдүн коллективимден кечирим сурайм", — деген Жамшитов.

Кечээ, 15-декабрда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан кетиши керектигин айткан. 

Анын орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөн

"Үч ай мурда маалымат бергем"

Калилов Sputnik Кыргызстан агенттигине отставкасы тууралуу комментарий берип жатып, маалыматты тиешелүү органдарга мындан 2-3 ай мурда бергендигин кошумчалады.

"Маалыматты 2-3 ай мурда бергем, долбоордун алкагында сөз болуп жаткандыгын билдирип, оперативник болбогондугума байланыштуу териштирип бергиле деп тиешелүү органдарга кайрылгам. Иликтөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн иш аягына чыга электигине байланыштуу алдын ала эч нерсе айтпай тургам. "Уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат" болдум. Мындан 3 ай мурда маалымат берип жатсам, азыр ошонун алкагында иштер чыгып жатса, орун басарымдын катыштыгы болуп, илинип калат деп ойлогон эмесмин", — деди Калилов.

"Ишсиз калбайм…"

Калилов элге кызмат кылууга дайым даяр экенин кошумчалады.

"Мен кызматсыз же жумушсуз калбайм деп ойлойм. Себеби профессионалдык деңгээлдеги — жол тармагында, консультативдик, экспертизалык тармакта белгилүү иш билгилик мүмкүнчүлүктөрүм бар. Кыргыз элине кызмат кылууга ар дайым даярмын", — деди ал.

Ал аталган тармакта 35 жылдан бери иштеп келе жаткандыгын кошумчалады.

742
Белгилер:
кечирим, пара, отставка, Азимкан Жусубалиев, Жамшитбек Калилов, Сооронбай Жээнбеков
Тема:
Азимкан Жусубалиевдин кармалышы (23)
Тема боюнча
Пара чыры. Транспорт министри Калилов кызматтан кетүү боюнча арызын берди
Бүт дүйнөгө уят болдук! Президенттин министр Калиловду зекиген видеосу
Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде министр Калиловду тургузуп алып зекиди
Премьер: министр Калилов орун басарынын ишине тиешеси жоктугун айтууда
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев. Архив

Башкы прокуратура Атамбаевдин уулунун билдирүүсүнө жооп берди

311
(жаңыланган 14:52 30.09.2020)
Башкы прокуратурадан түшүндүрмө беришип, прокурор тергөөчүгө кылмыш иши боюнча тапшырма бергенде мыйзамды бузган эмес деген жообун айтышты.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадырдын билдирүүсүнө берилген жоопту таратты.

Буга чейин Кадыр Атамбаев интернетке видео жүктөгөн. Анда Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупция боюнча ишти Башкы прокуратуранын бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси Арстанбек Боромбаев көзөмөлдөгөн, ал президент Сооронбай Жээнбековдун эжесинин уулу деген маалыматты айткан.

Боромбаев УКМКнын тергөөчүсүн иш республиканын жетекчисинин көзөмөлүндө турарын айтып коркуткан деген.

Кадыр Атамбаев Жээнбековдун эжесинин экинчи баласы Рустамбек Боромбаев Түштүк-Батыш бажысынын жетекчисинин орун басары экенин кошумчалап, президентке байланыштуу деп бир нече фамилияны атаган.

Башкы прокуратурадан Жазык-процессуалдык кодекстин 34-беренесинин негизинде прокурор иликтенип жаткан иштердин мыйзамдуу жүрүп жаткандыгын көзөмөлгө алууга укуктуулугун, ишти тергөөчүгө тапшырып, тергөөчүнүн билдирүүсүнө ылайык четке кагууга уруксат берип жана аны өзү да четтетүүгө укугу бар деп билдиришти.

Баш-аягы көрүнбөгөн карыз. Тарых музейинин ачылбай жаткан себептери айтылды

Мындан сырткары, прокурор тергөөчүгө процесстик иш-аракеттерди жүргүзүүгө, ишти иликтөөгө, кылмышты классификациялоого жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө, белгиленгендерге туура келбесе тергөөчүнүн каршы пикирлерин карап чыгууга укуктуу экенин айтышты.

Аны менен катар эле БПдан прокурордун алгачкы текшерүү органдары менен тергөөгө арызды карап чыгуу боюнча берген тапшырмасы, кылмыш ишти, маалыматтарды иликтөө боюнча билдирүү Жазык-процессуалдык кодексте каралгандыгын билдиришкен. Бул аталган органдардын милдети экендигин кошумчалашкан.

Маалыматта 2018-жылы 26-сентябрда аталган көзөмөл орган тарабынан Тарых музейин реконструкциялоо боюнча кылмыш иши иликтенип чыкканы айтылат. Кодексте талап кылынгандай, иштин жагдайын ар тараптуу толук жана объективдүү иликтөөнү камсыздоо максатында тергөө иштерин жүргүзүү боюнча кат түрүндө тапшырма берилип, УКМКга жөнөтүлгөн.

Тергөөчүнүн прокурор берген көрсөтмөнү аткаруусу Жазык-процессуалдык кодекстин 36-беренесине ылайык келет. Аткарылбаган учурда ал өзүнөн жогорку кызматта турган прокурорго иштин жагдайын кагаз түрүндө түшүндүрүп, кайрылууга укуктуу.

УКМК: Тарых музейин оңдоодогу коррупциялык иштерде Атамбаевдин аты аталууда

Айтылган тапшырма боюнча жогорку кызматтагы прокурорго арыздануу иштин аткарылышын токтотуп калбайт. БПдан бул жаатта УКМКдан нааразылык келип түшпөгөндүгүн айтышты.

Боромбаев жөнүндө башкы көзөмөл органынан ал прокуратурада 1995-жылдан бери иштеп келе жаткандыгын, ар кыл кызматтарда эмгектенип, жетекчи да болгондугун айтышты.

2019-жылдын 30-декабрында өзүнүн арызы менен Башкы прокуратуранын бөлүм жетекчилигинен бошоп, кезектеги кадрлардын катарына калтырылган. БПдан аталган тармакта иштеген мезгилдери прокуратурага өтөгөн кызматы үчүн ведомстволук сыйлыктарга татыган деген маалымат беришти.

311
Белгилер:
коррупция, Тарых музейи, Башкы прокуратура, Кадыр Атамбаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Иштебеген Тарых музейинин айланасына тосмо эмне үчүн коюлган? Расмий жооп
АКШ президенттигине кандидат Жо Байден. Архивдик сүрөт

Трамптан так талашкан Байден аны "Путиндин күчүгү" деп ачуусуна тийди

252
(жаңыланган 11:13 30.09.2020)
АКШда президенттик шайлоо ноябрдын башында өтөт. Трамп экинчи мөөнөт үчүн ат салышат, негизги атаандашы демократтардын өкүлү Жо Байден болмокчу.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп менен алдыдагы шайлоодогу атаандашы Жо Байден биринчи дебатында эле кайым айтышып кетишти. Бул тууралуу "Известия" агенттиги жазды.

Саясатчылар сөз берилгенде бири-бирин күнөөлөп, ар кандай сындарды айта баштаган. Дебаттын жүрүшүндө демократтардан өлкө башчылыгына аттанган Жо Байден Трампты "Путиндин күчүгү" деп атады.

"Мен Россиянын президенти Владимир Путинге каршы туруп, анын айла-амалдарына барбай турганымды ачык билдиргем. А тиги (Трамп) — Путиндин күчүгү жадагалса америкалык аскерлердин кыйылган өмүрү үчүн бир нерсе талап кылып ооз ача албайт", — деген Байден.

Ал шайлоодо эмне үчүн америкалыктар ага добуш бериши керек деген суроого Трамптын жетекчилиги астында жарандар алсыз болуп, жакырланып, ошондой эле бөлүнүп-жарылууга, зордук-зомбулукка баргандыгын айткан.

Трамп: президенттик шайлоодо бир эле себеп менен утулуп калышым мүмкүн

Ошондой эле Байден Трамп коронавирус пандемиясында дүрбөлөңгө түшкөнүн жана дайыма калп айта берерин кошумчалаган. Президент болсо атаандашын ал 180 миллион кишини медициналык камсыздоодон кол жуудургусу келип жатканын жана негизи эле интеллекти төмөн экендигин айткан.

Дебаттын жүрүшүндө атаандашын сүйлөтпөй, улам сөзүн бөлө берген Трамптан Байден бир мүнөткө оозун жаап турушун суранган.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт. Трамп экинчи мөөнөт үчүн ат салышат. Так талашта ага демократтардын өкүлү, 77 жаштагы Жо Байден атаандаш болот.

252
Белгилер:
шайлоо, президент, дебат, Владимир Путин, Жо Байден, Дональд Трамп, АКШ
Тема боюнча
АКШ президенти Дональд Трамптын жээни аны сотко берип, себебин түшүндүрдү
Евробиримдик жана АКШ: Беларусь менен көйгөйлөрүн Польша өзү чечип алсын
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:03 30.09.2020)
Бейшембиге караган түнү айрым райондордо жамгыр жаап, тоолуу өрөөндөрдө кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. 1-октябрь, бейшембиде, күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл, Нарын жергесинин көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жамгыр жаап, тоолуу жерлерге кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жер көчкөн Кара-Кече көмүр кенине электр жарыгы берилди. Сүрөттөр

Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас, Нарын жана Ысык-Көл аймактарында +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21 градус болот.

Термометрдин көрсөткүчү борбор калаабыз Бишкекте +17...+19, Ош шаарында +18...+20 градусту көрсөтүп турат.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кыштын илеби жакындап... Октябрь айына карата аба ырайы