Декларацияга мал-мүлкүн толук жазбаган 141 аткаминердин иши прокуратурага өттү

Жазылуу
Киреше тууралуу декларациясын 60 миңге чукул чиновник толтурду. Ал эми мөөнөтүнөн кечиккендер казынага 1 миллион сом төлөмөр болду.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Киреше тууралуу декларациясында байлыгын толук көрсөтпөгөн 141 аткаминер текшерилип жатканын Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл чиновниктер Бирдиктүү салык декларациясы менен киреше тууралуу декларациясын тапшырган. Отчет берген 60 миң мамлекеттик кызматкердин отчету ушу тапта текшерүүгө алынды.

"Мөөнөтүнөн кечиикендерге 1 миллион 112 миң сом айып пул салынды", — деп айтылат маалыматта.

Вице-премьер-министр Дуйшенбек Зилалиев - Sputnik Кыргызстан
900 миң доллар... УКМК Зилалиевдин каткан байлыгын санап берди
Бирдиктүү салык декларациясын 277 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тапшырган эмес, анын басымдуу бөлүгү декреттик өргүүдө жана чет өлкөдө билим алып жаткандар. Декларация тапшырбай койгондордун арасында Ат-Башы менен Чаткал райондорунун акимдери да бар.

"141 киши декларациясында туура эмес маалымат көрсөткөн. Материалдар юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Салык кызматынын маалыматы боюнча 141 кишинин 19у саясий кызматты ээлеген адамдар. Дагы бир катар декларанттын маалыматы такталып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0