БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. БУУнун Башкы ассамблеясы Украинанын Крым, Севастополь, Азов деңизи жана Кара деңиздин бир бөлүгү баскынчылыкка дуушар болуп жатканы тууралуу резолюциясын кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Россияга каршы багытталган документти 66 мамлекет колдогон, 19 өлкө каршы болсо, 72 мамлекет калыс пикирин билдирген.
Резолюцияда негизинен урунттуу деген төмөнкү учурлар көрсөтүлгөн: Башкы ассамблея "Крымдын Россия тараптан акырындык менен аскерий баскынчылыкка дуушар болуп жатканына", "Россиянын Украинага курал-жарак, өзөктүк учуучу аппарат жана ракета, ок-дары жеткирүүсүнөн улам Крымдагы абалдын дестабилдешүүсүнө" катуу тынчсызданганын билдирет. Мындан улам Россиядан баскынчылык аракеттерди токтотууну талап кылат.
Эскерте кетсек, Крым 2014-жылы өткөн референдумдан кийин Россиянын аймагы болуп калган. Анда республикадагы шайлоочулардын 96,77 пайызы жана Севастополь элинин 95,6 пайызы Россиянын курамына кирүүгө макул болгон. Крым бийлиги референдумду Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин жүргүзгөн. Ал эми аталган өлкө Крымды ушу тапта деле өзүнө караштуу, бирок убактылуу басып алынган аймак деп эсептейт.
Москва Крым жашоочулары эл аралык укукка ылайык демократиялык жол менен Россияга кирүү үчүн добуш бергенин бир нече ирет айтып келет. Россия президенти Владимир Путиндин айтымында, Крым маселеси "толугу менен жабылган".
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жыл сайын болуп турчу чоң маалымат жыйыны болуп өттү.
Журналисттер менен жолугушуу пандемияга байланыштуу онлайн-форматта өттү. Лавров бардык өлкөлөрдүн журналисттеринин суроолоруна үч саат бою жооп берди. Анын урунттуу учурларын тезис түрүндө сунуштайбыз.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевдин айланасындагы кептер боюнча аталган органдын маалымат кызматы комментарий берди.
Финполдун маалымат кызматы айтылгандардын баары тастыкталбаган, карандай калп экенин билдирди.
"Учурда Финансы полициясы тарабынын коррупция, экономикалык жана финансылык кылмыштар менен күрөш тынымсыз жүрүп жатат. Жогорку рангдагы аткаминерлер аралашкан резонанстуу кылмыштуу схемаларды аныктап, алдын алууда. Мындан улам биздин кызматтын жетекчилигине көө жабууга аракет кыла башташты. Андай учур дагы кайталанышы мүмкүн, бирок биз ишти токтотпойбуз. Эң башкысы — элдин ишеними жана колдоосу керек", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Аспековдун көрсөтмөсүндө айтылгандар чындыкка дал келбей турганы белгиленет.
Маалымат кызмат азыркы тапта Жапыкеев Бишкек ТЭЦинин ишин текшерип жүргөнүн кошумчалады.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.
Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.