Жээнбеков: кол тийбестикти алуу жеке Атамбаевге багытталса, мен бул мыйзамга каршымын

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев принял Сооронбая Жээнбекова и Сапара Исакова
Президент Алмазбек Атамбаев принял Сооронбая Жээнбекова и Сапара Исакова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчынын айтымында, экс-президент кайсы учурда жазага тартыла турганын так жазуу зарыл.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Эгер кол тийбестик алуу боюнча мыйзам жеке Алмазбек Атамбаевге багытталса, анда мен буга каршымын. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйында айтты.

"Эгерде бул мыйзам жеке Атамбаевге багытталса, мен буга каршымын. Өч алуу максатында болушуна жол бербөө керек. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Андыктан экс-президент кайсы учурда жазага тартыла турганын так жазуу зарыл. Бул мага да тиешелүү мыйзам. Мен да бир күнү кетем", — деди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыктаган биринчи маалымат жыйыны өтүүдө. Sputnik Кыргызстан тексттик трансляция жүргүзүп жатат

Жаңылыктар түрмөгү
0