Кудайдан коркконум көп нерседен сактайт. Жээнбеков дин тууралуу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков айт намаз учурунда. Архив
Президент Сооронбай Жээнбеков айт намаз учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы дин ага кандайча жардам берерин айтып берди.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып дин тууралуу да айта кетти.

"Көптөр мени аябай динчил деп ойлойт. Бир Кудайга ишенүү мени көп нерседен сактап, мыйзам чегинен өтпөөгө жардам берет. Кудайдан корккондордун коому түзүлсө, аларга Конституциянын да кереги жок болсо керек", — деди Жээнбеков.

Президент туткан динине көз каранды болбой, элдин баарына бирдей карай турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0