Сулайманов төрага Жумабековго: мени менен айтышканга али чоңое элексиң!

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловДепутат ЖК Алтынбек Сулайманов
Депутат ЖК Алтынбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сулайманов Жумабеков регламентти бузуп жатканын айтып, эгер ушундай болуп кете берсе, төрага менен анын эки орун басарынын ротация маселесин кароо керектигин айтты.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Асел Кодуранованы вице-спикерликтен алуу боюнча маселе каралып жатканда депутат Алтынбек Сулайманов менен төрага Дастан Жумабеков кыйкырышып, айтыша кетти.

Сулайманов Жумабековдун регламентти бузуп жатканын айтып, эгер ушундай болуп кете берсе, төрага менен анын эки орун басарынын ротация маселесин кароо керектигин айтты.

"Эгер ушундай кыла берсеңиз үчөөңөрдү тең азыр ротация кылышыбыз керек. Үчөөңдүн тең маселеңди коюш керек, үчөөң тең түшкүлө. Баарыңарды алмаштыралы", — деди Сулайманов.

Өкмөткө адвокат болуп алыңыз! Сулаймановдун төрага менен айтыша кеткен видеосу - Sputnik Кыргызстан
Өкмөткө адвокат болуп алыңыз! Сулаймановдун төрага менен айтыша кеткен видеосу
Өз кезегинде Дастан Жумабеков "түшкүлө деп айтканга укугу жок" экенин айтты.

"Анда мыйзам менен айтыңыз, мыйзам менен келиңиз. Түшкүлө дегидей бул жер сиздин ордуңузбу?", — деди төрага.

Эл өкүлү Сулайманов Дастан Жумабеков аны менен айтышууга алы чоңоё электигин, кыйкырып сүйлөгөн деңгээлге жете электигин кошумчалады.

"Дастан Артисбекович, кыйкырбаңыз. Мага кыйкырганга али чоңоё элексиз, жаш баласыз, кечирип коюңуз. Сиздин үнүңүз мага жетпейт. Ылдыйда жүрөсүз. Мага кыйкыра албайсыз. Башка жакка барып кыйкырыңыз. Түшүндүңүзбү?", — деди Сулайманов.

Жумабеков болсо "Антип түшүндүрбөй эле коюңуз, сиздин түшүндүрмөңүздүн мага кереги жок",- деп жооп кайтарды.

Жаңылыктар түрмөгү
0