Президенттик аппаратта дагы бир экс-министр иштемей болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Правительства Кыргызской Республики в Бишкеке
Здание Правительства Кыргызской Республики в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү Жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Назгүл Ташпаева КР президентинин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Выборы мэра Бишкека — 2018 - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаардык кеңештин депутаты мандатынан кол жууду
Ташпаева 2009-жылы Эмгек жана социалдык коргоо министри болуп иштеген. Андан кийин 2012-2013-жылдары КР президентине караштуу башкаруу академиясында мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу кафедрасында сабак берген.

Акыркы жолу 2019-2030-жылдарга карата калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуучу эксперттик топто эмгектенген.

Жаңылыктар түрмөгү
0