Маданият министринин орун басары Айнура Темирбекова кызматтан кетмей болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова. Архив
КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Темирбекова министрдин орун басарлыгына 2013-жылы дайындалган болчу.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын Facebook баракчасына жазды.

"Жаңы мүмкүнчүлүктөр менен идеялар үчүн ордумду бошотууга мезгил келип жетти. Бардык тармакта кызматташууга ачыкмын", — деп жазды ал.

Темирбекова кайрылуусунда чогуу иштешкен бардык тараптарга ыраазычылыгын билдирген.

Айнура Темирбекова 2013-жылы 28-августта маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болгон. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарын уюштурууга активдүү катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0