Отунбаеванын Текебаевге ырайым берүү демилгесин 6 фракциянын лидери колдоду

Жазылуу
Отунбаева Жээнбековго кайрылуу жолдоп, анда Өмүрбек Текебаевге ырайым кылууну суранган.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Мурдагы президент Роза Отунбаеванын камактагы экс-депутат Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу боюнча өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго жолдогон сунушун Жогорку Кеңештеги бардык алты фракциянын лидерлери колдоду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Судебный процесс по делу лидера партии Ата Мекен Омурбека Текебаева и экс-посла КР Дуйшенкула Чотонова - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков абактагы Өмүрбек Текебаев тууралуу
Ага ылайык, Отунбаеванын сунушун Алмамбет Шыкмаматов ("Ата Мекен"), Алмазбек Баатырбеков ("Кыргызстан"), Алтынбек Сулайманов ("Бир Бол") жана Бакыт Төрөбаев ("Өнүгүү — Прогресс"), Жыргалбек Турускулов ("Республика — Ата-Журт") жана Иса Өмүркулов (КСДП) колдоп берген.

Белгилей кетсек, Отунбаева 25-декабрда Жээнбековго кайрылуу жолдоп, анда Өмүрбек Текебаевге ырайым кылууну суранган. Ошондой эле ал бул сунушун Жогорку Кеңештеги фракция лидерлерин колдоого чакырган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган

Жаңылыктар түрмөгү
0