Бекназаров, Келдибеков жана Дүйшөбаев Атамбаевди сотко берди

© Фото / Пресс-служба СДПКУчастие экс-президента КР Алмазбека Атамбаева в айт-намазе в селе Арашан
Участие экс-президента КР Алмазбека Атамбаева в айт-намазе в селе Арашан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Доогерлердин арызы Свердлов райондук сотуна келип түшкөн.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшебаев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен "Апрель" телеканалынын директору Дмитрий Ложниковду сотко берди. Бул маалыматты КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

Ага ылайык, арыз Октябрь райондук сотуна жиберилген. 

"Азырынча Алмазбек Атамбаевдин атына арыз келип түшө элек. Сотко бергендери тууралуу "Апрель" телеканалынын башкы директору Дмитрий Ложниковдун атына келген билдирүүдөн маалым болду", — деди Жолдубаева.

Мурдагы аткаминерлер экс-президенттин "Апрель" телеканалына берген маегинен улам сотко кайрылып, 18 миллион сом өндүрүүнү көздөшүүдө. Доогерлердин ар бири 3 миллион сомдон талап кылууда.

Алмазбек Атамбаевдин "Апрель" телеканалына берген маегинин тексттик трансляциясын бул жактан окуңуз

Жаңылыктар түрмөгү
0