Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү

Жазылуу
Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин талкуулашты.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-декабрда, Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Телефондук сүйлөшүү учурунда Жээнбеков Владимир Путинди Жаңы жыл жана Рождество майрамы менен куттуктады.

"Мамлекет башчысы кыргыз-орус мамилелери үчүн өтүп бараткан жыл абдан жемиштүү, саясий олуттуу байланыштарга жана эки мамлекет үчүн маанилүү окуяларга бай болгонун белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Президент РФ В. Путин провел совещание по вопросам обеспечения технического переоснащения Вооруженных сил - Sputnik Кыргызстан
Россиядан КРге ташылган нефтиден бажы төлөмү алынбайт. Путин келишимге кол койду
Ошондой эле мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин талкуулашкан.

Улуу жазуучунун 90 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Москва шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы скверде жазуучунун эстелигинин ачылышы эки тараптуу маданий-гуманитардык кызматташтыктын жаркын мисалдарынын бири болуп калганы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0