Бүтүрүүчү. Архив

Өкмөт мүчөлөрү кайдан окуп, эмне кесипке ээ болушкан? Тизме

1566
(жаңыланган 10:28 07.01.2019)
Өкмөттүн бир топ мүчөсү эки же андан ашык жогорку билимге ээ. Бул жаатта алардын арасынан вице-премьер Жеңиш Разаков лидер болуп саналат.

Кыргызстанда көпчүлүк адамдар диплому бир бурчта чаң басып жатканын, жашоого таптакыр эле башка чөйрөдөн тыйын табарын моюнга алышат.

Айыл чарбасы өлкөнү өргө сүрөөчү тармактардын бири болуп саналганына карабастан, бир жарым жыл мурун депутаттар өкмөттүн бир да мүчөсүнүн айыл чарба жаатында билими жоктугуна нааразы болушканы эсибизде.

Sputnik Кыргызстан редакциясы өкмөт мүчөлөрү кайсы билимге ээ экендигин тактап көрдү. Маалыматтар министрлер кабинетинин сайтынан жана башка ачык булактардан топтолду.

Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев — Константин Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун 1994-жылы агроном адистиги боюнча аяктаган. 1997-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинин экономика жана бизнес факультетин бүтүргөн.

Первый вице-премьер-министр КР Кубатбек Боронов во время присяги
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов — 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунан инженер-куруучу адистигин, ал эми 2011-жылы Башкаруу, укук, каржы жана бизнес эл аралык академиясынан юриспруденция адистигин алып чыккан.

Вице-премьер-министр КР Жениш Разаков
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Вице-премьер Жеңиш Разаков

Вице-премьер Жеңиш Разаков үч жогорку билимге ээ. 1990-жылы Ленинград аскер-механикалык институтунун прикладдык механика жана автоматика факультетин аяктаган. Андан соң, 2002-жылы, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин, ошондой эле КР ИИМ академиясын да сырттан окуп бүтүргөн. Ачык булактарда адистиктердин аталыштары аталган эмес.

Вице-премьер-министр КР Алтынай Омурбекова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова — 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 2000-жылы КМУУнун алдындагы Магистратура жана аспирантура борборун аяктап, юриспруденция боюнча магистр даражасына ээ болгон.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров во время присяги
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Вице-премьер Замирбек Аскаров

Вице-премьер Замирбек Аскаров Ош мамлекеттик университетинен география мугалими (1999-жыл), Финансы жана кредит (2004-жыл) адистиктери боюнча эки багытта жогорку билим алып чыккан.

Өкмөт аппаратынын жетекчиси-министр Шамиль Асымбеков 1986-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун Экономика жана айыл чарбасын уюштуруу адистиги боюнча аяктаган.

Министр иностранных дел Кыргызской Республики Чынгыз Айдарбеков
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков — 1998-жылы Эл аралык мамилелер (бакалавр) адистиги боюнча Кыргызстандын эл аралык университетин бүтүрүп, эки жылдан кийин ушул эле окуу жайдан юриспруденция багытында магистр даражасын алган. Андан соң Кыргыз-Россия Славян университетин аяктаган.

Министр внутренних дел Кашкар Джунушалиев во время встречи с президентом Кыргызстана Сооронбаем Жээнбековым
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев — 2000-жылы КМУУнун юридикалык факультетин бүтүргөн.

Руководитель аппарата конституционной палаты верховного суда Марат Джаманкулов в рабочем кабинете
Юстиция министри Марат Жаманкулов

Юстиция министри Марат Жаманкулов — 2000-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинен юриспруденция адистигин алып чыккан. 2014-жылы Мамлекеттик башкаруу академиясынан Мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда адамдык ресурстарды башкаруу багытында магистр даражасына ээ болгон.

Кандидат на должность министра финансов КР Бактыгуль Жээнбаева на внеочередном заседании ЖК
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева — Кыргыз мамлекеттик университетин эки ирет — 1982-жылы жана 1989-жылы аяктап, прикладдык математика жана экономист адистиктерин алып чыккан.

Министр экономики Кыргызстана Олег Панкратов во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экономика министри Олег Панкратов

Экономика министри Олег Панкратов — 1992-жылы Педагогикалык институтун физика, информатика жана эсептөө техникасы боюнча бүтүргөн. 2002-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юриспруденция багыты боюнча аяктаган.

Министр сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Нурбек Мурашев
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Айыл чарбасы, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министри Нурбек Мурашев

Айыл чарбасы, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министри Нурбек Мурашев — Ош технологиялык университетинен коммерция жана менеджмент адистигин алган.

Министр чрезвычайных ситуаций Нурболот Мирзахмедов во время присяги
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов — 2004-жылы Жалал-Абад коммерциялык институтун экономист адистиги боюнча аяктаган.

Министр образования КР Гульмира Кудайбердиева
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Орус тили жана адабияты педагогикалык институтун, кийин Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин юриспруденция багыты боюнча бүтүргөн.

Министр здравоохранения Кыргызстана Космосбек Чолпонбаев
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 1985-жылы Алма-Ата мамлекеттик медициналык институтунун фармацевттик факультетинен фармация адистигин алып чыккан. Экинчи жогорку билими — юрист (2011-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган).

Заместитель министра культуры, туризма и информации, глава Департамента туризма Азамат Жаманкулов во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов — 2008-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетин ишкана менеджменти адистиги боюнча аяктап, ал эми 2011-жылы Кыргызстандын эл аралык университетинен финансы багытында жогорку билимге ээ болуп чыккан.

Экс-депутат Жогорку Кенеша Улукбек Кочкоров и Кандидат в президенты КР на теледебатах на канале КТРК
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров — 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин финансы жана насыя адистиги, кийин 2003-жылы укук таануу багыты боюнча аяктаган. 1997-жылы КР УКМКнын жогорку курстарын окуган, төрт жыл өткөндөн кийин Россиянын ФСБ академиясында кесибин өркүндөткөн.

Глава Госкомитета национальной безопасности Идрис Кадыркулов на заседании
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов — 1996-жылы Кырrыз мамлекеттик улуттук университетинен экономика жана башкарууну уюштуруу адистигин алып чыккан. 2015-жылы КР президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистратурасын мамлекеттик саясат жана башкаруу багытында бүтүргөн.

Глава Государственного комитета по делам безопасности Эрлис Тердикбаев во время присяги в ЖК
© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул Оморкулов
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев — 1990-жылы Алма-Ата жалпы аскердик командалык жогорку окуу жайын, ал эми 2004-жылы РФ Куралдуу күчтөрүнүн жалпы аскердик академиясын, 2014-жылы РФ КК Башкы штабынын аскердик академиясын аяктаган.

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтун геологиялык каттоо, пайдалуу кен байлыктарды изилдөө жана чалгындоо адистиги, 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча бүтүргөн.

Председатель Государственного комитета информационных технологий и связи Бакыт Шаршембиев
© Фото / Пресс-служба ЖК / Ашыркул Оморов
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев — 1998-жылы Кыргыз техникалык университетин инженер-конструктор адистиги боюнча бүтүргөн. 2009-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде экономика магистри даражасын алган.

Тизмеге транспорт жана жол министри тууралуу маалымат камтылбады, кызмат ушул чакта бош турат.

1566
Белгилер:
окуу жай, кесип, билим, өкмөт, Кыргызстан
Тема боюнча
Жогорку Кеңештин эң бай жана эң кедей депутаттары. Рейтинг
Борбор Азия өлкөлөрүнүн мурдагы президенттеринин балдары эмне менен алек?
Шайлоо участогында урна. Архив

Президенттик шайлоого катышуу үчүн төрт адам арыз берди

704
(жаңыланган 18:24 31.10.2020)
Кыргызстанда президенттик шайлоо күнү 10-январга белгиленген. Жарышка катышууга ниеттенгендер БШКга кайрыла баштады.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына төрт адам арыз берди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

  • Мамлекет башчылыгына эң биринчилерден болуп 30-октябрда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров талапкерлигин көрсөткөн
    Мамлекет башчылыгына эң биринчилерден болуп 30-октябрда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров талапкерлигин көрсөткөн
    © Sputnik / Андрей Стенин
  • Ал эми бүгүн “Аурдин” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Арстанбек Абдылдаевден БШКга арыз келип түшкөн. Ал президенттикке талапкерлигин өзү көрсөткөн
    Ал эми бүгүн “Аурдин” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Арстанбек Абдылдаевден БШКга арыз келип түшкөн. Ал президенттикке талапкерлигин өзү көрсөткөн
    © Фото / пресс-служба ЦИК КР
  • Ошону менен катар Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин көрсөтүү боюнча 38 жаштагы “Байыркы көчмөн цивилизациясы” тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу коомдук фондунун башкаруучулугунун төрагасы Кубан Чороев арыз берген
    Ошону менен катар Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин көрсөтүү боюнча 38 жаштагы “Байыркы көчмөн цивилизациясы” тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу коомдук фондунун башкаруучулугунун төрагасы Кубан Чороев арыз берген
    © Фото / пресс-служба ЦИК КР
  • Төртүнчү болуп “Лига-Антикризис” коомдук бирикмесинин президенти, 58 жаштагы Назарбек Нышанов талапкерлигин өзү көрсөтүп БШКга кайрылган
    Төртүнчү болуп “Лига-Антикризис” коомдук бирикмесинин президенти, 58 жаштагы Назарбек Нышанов талапкерлигин өзү көрсөтүп БШКга кайрылган
    © Фото / пресс-служба ЦИК КР
1 / 4
© Sputnik / Андрей Стенин
Мамлекет башчылыгына эң биринчилерден болуп 30-октябрда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров талапкерлигин көрсөткөн

Мамлекет башчылыгына эң биринчилерден болуп 30-октябрда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров талапкерлигин көрсөткөн.

Ал эми бүгүн “Аурдин” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Арстанбек Абдылдаевден БШКга арыз келип түшкөн. Ал президенттикке талапкерлигин өзү көрсөткөн.

Ошону менен катар Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин көрсөтүү боюнча 38 жаштагы “Байыркы көчмөн цивилизациясы” тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу коомдук фондунун башкаруучулугунун төрагасы Кубан Чороев арыз берген.

Садыр Жапаров президенттик кызматын тапшырып, шайлоого катыша турганын айтты

Төртүнчү болуп “Лига-Антикризис” коомдук бирикмесинин президенти, 58 жаштагы Назарбек Нышанов талапкерлигин өзү көрсөтүп БШКга кайрылган.

Кыргызстандын президентин шайлоо күнү 10-январга белгиленген.

704
Белгилер:
Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Арстанбек Абдылдаев, Адахан Мадумаров, талапкер, президенттик шайлоо
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
Кыргызстанда беш партия биригип бийликке 6 талап койду
549 млн. сом. БШК президенттик шайлоого кетчү чыгымдын сметасын бекитти
Жогорку Кенеш. Архив

Жогорку Кеңештин кызматкерлери эмнеге айлык албай жатат? Расмий жооп

311
(жаңыланган 17:05 31.10.2020)
Буга чейин депутат Дастан Бекешев ЖК аппаратынын жана иш башкармалыгынын кызматкерлерине айлык төлөнбөй жатканын билдирген.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Парламенттин маалымат кызматы Жогорку Кеңештин кызматкерлерине убагында айлык берилбей калганын ырастады.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналы аркылуу ЖКнын аппаратынын жана иш башкармалыгынын кызматкерлерине айлык төлөнбөй жатканын билдирген болчу.

“5-6-октябрдагы окуяларда Жогорку Кеңештин имаратындагы компьютерлер талкаланып, уурдалып, документтер жоголгондугуна байланыштуу тиешелүү эсеп-кысап бөлүмүнүн ишинде көйгөйлөр жаралган. Натыйжада айлыкты убагында берүү кечеңдеп жатат. Учурда документтерди калыбына келтирүү жана эсептөө иштери жүргүзүлүүдө. Каралган акча толук бойдон кийинки аптанын жума күнүндө төлөнүп берилет”, — дешти ЖКнын маалымат кызматынан.

Кыргызстандагы кытай ишкерлери Жогорку Кеңешке 15 ноутбук тартуулады

Буга чейин ЖК депутаттары кийинки чакырылыш келгенге чейин маяна албай иштөө чечимин кабыл алган.

311
Белгилер:
депутат, кызматкер, маяна, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Садыр Жапаров: Ак үйдү оңдоого 450 млн. эмес, 10 эле млн. сом кетет
Статком: чакан жана орто ишканаларда айлык ортодон төмөн бойдон калууда
Унаа жол кырсыктан кийин. Архив

Эч нерсеси калбаптыр! Боомдогу үрөй учурган жол кырсыктын видеосу

0
(жаңыланган 23:08 31.10.2020)
Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, айдоочу рулду башкара албай калган.

БИШКЕК, 31-окт. – Sputnik. Боом капчыгайында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы болду. Бул тууралуу “Короче” Telegram-каналына жарыяланды.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык 31-октябрь күнү саат 17:00дөр чамасында болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Бишкек – Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып парапетти коюп кеткен. Окуянын кесепетинен унаадагы жүргүнчү каза таап, айдоочусу ооруканага жаткырылган. Жол кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

0
Белгилер:
жол кырсык, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Өзгөндө жеңил унаа каналга түшүп кетип, 72 жаштагы айдоочу көз жумду
ӨКМдин комиссиясы Бишкек — Ош жолун текшерип Төө-Ашууга барды. Видео