Жээнбеков: Кызматташып жардам бергени үчүн Кытайга рахмат айтышыбыз керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуу учурунда
Президент Сооронбай Жээнбеков Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Кытайдын Кыргызстанга берип жаткан жардамына токтолду.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. "Кытай менен мамилени бузууну каалагандардын аракети ишке ашпайт". Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда, Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда айтканын өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Съезд Коммунистической партии в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын дипломаттары Синьцзян-Уйгур автономдук районуна барып келди
Жолугушууда Сокулук районунун жергиликтүү жашоочусу 7-январда Бишкек шаарынын Борбордук аянтында Кытай тарапка каршы өткөн митингди эске салып, ири экономикалык өнөктөш — Кытай менен мамилени бузуп салбайбы деген тынчсыздануусун айтышкан.

Жээнбеков Кытай мамлекети Кыргызстанга макулдашууларга ылайык кредит-гранттарды берип жатканын, ал эми алар берип жаткан каражат кандай иштетилип жаткандыгы — бул мамлекеттин ички маселеси экенин белгиледи.

"Проблема биздеги мамлекеттик бийликте отургандарда болуп жатат. Биз менен кызматташып жаткан, жардам берип жаткан Кытай тарапка рахмат айтышыбыз керек. Саясатташтырып, эл аралык мамилелерди бузгусу келип, стабилдүүлүккө доо кетиргиси келгендер ким экендиги, алардын аракети көзөмөлдө. Мыйзамдын чегинде жоопко тартылат. Бийлик, мыйзам иштейт", — деди президент.

Ал ошондой эле бардыгына чара көрүлөрүн айтып, элди кабатыр болбоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0