Кыргызстандын АКШ жана Канададагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кадыр Токтогулов. Архивдик сүрөт

Атамбаевдин мурдагы катчысы АКШдагы элчи кызматынан бошотулду

217
(жаңыланган 14:24 15.01.2019)
Президент Сооронбай Жээнбеков Жарлыкка кол койду.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кыргызстандын АКШ жана Канададагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кадыр Токтогулов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков Жарлыкка кол койду.

Токтогулов элчи болуп 2014-жылдын 31-декабрында дайындалган

Эми анын ордуна Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаевдин талапкерлиги каралууда. Жогорку Кеңештин профилдик комитети 15-январдагы жыйынында төрт мамлекетке Кыргызстандын элчилерин дайындоо маселесин карайт. 

217
Белгилер:
элчи, жарлык, Кадыр Токтогулов, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Ырчы, механик, философ... Чет өлкөлөрдө кимдер КР элчиси болуп отурат
Кыргызстандын ээсиз турган элчиликтери. Тизме
ЖКнын депутаты Акылбек Жапаров. Архив

Кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду. Президент Акылбек Жапаров боюнча үн катты

350
(жаңыланган 21:37 26.02.2021)
Өлкө башчы "Кумтөрдү" Акылбек Жапаров текшерет деген маалыматтан кийин ага "карышкырга кой кайтартыпсыңар" деген билдирүүлөр көп келе баштаганын айткан.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров соцтармакта "Кумтөр" ишканасын текшерүү боюнча мамлекеттик комиссияны депутат Акылбек Жапаровдун жетектөөсүнө нааразы болуп жаткандарга Instagram баракчасы аркылуу жооп берди.

Буга чейин "Кумтөр" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшере турган депутаттык комиссия "мамлекеттик комиссия" деп өзгөртүлүп, аны Акылбек Жапаров жетектемей болгон.

Өлкө башчы "Кумтөрдү" Акылбек Жапаров текшерет деген маалыматтан кийин ага "карышкырга кой кайтартыпсыңар" деген билдирүүлөр көп келе баштаганын айткан.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Кытай реформатору Дэн Сяопин "кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду" деп айткан. Анын сыңарындай ким текшерсе да айырмасы жок. Кыргызстанга пайдалуу жыйынтык менен келсе болду. Көзөмөл күчтүү болот", — деп жазган Жапаров.

Президенттин мындай билдирүүсүнө карабай соцтармак колдонуучулары нааразы болгон пикирлерин калтырууда. 

Кумтөр — өлкөнүн экономикасы үчүн бараандуу орунду ээлеген алтын чыгарган ишкана. Акциянын көпчүлүк бөлүгү Кыргызстанга таандык.

350
Белгилер:
Кумтөр, Акылбек Жапаров, Садыр Жапаров
Тема боюнча
"Кумтөрдү" Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссия текшермей болду
Түркия башчысы Режеп Тайип Эрдоган. Архив

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады

80
(жаңыланган 20:57 26.02.2021)
КР президенти түрк тарапка 2020-жылы коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстан элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирген.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Түркия башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Өлкө башчылар кызматташуунун актуалдуу маселелерин, стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашкан.

"Сүйлөшүүдө Садыр Жапаров Эрдоганды туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады. КРдин президенти түрк тарапка 2020-жылы коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстан элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Түркиянын башчысы да өз кезегинде Жапаровду кызматына расмий киришкендиги менен дагы бир жолу куттуктаган. Тараптар бири-бирин өлкөлөрүнө иш сапары менен келип-кетүүгө да чакырышкан.

Мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы кызматташууну арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешкени кошумчаланды. 

80
Белгилер:
чакыруу, телефон, куттуктоо, президент, Режеп Тайип Эрдоган
Тема боюнча
Садыр Жапаровдун чет өлкөгө жасаган биринчи сапарынын жыйынтыгы. Сереп
Милициянын старшинасы, кайтаруу полкунун кызматкери Нурсейит Бекназар уулу

Милиция “Бишкек суу каналга” уурулукка кирген төрт адамды кармады

13
(жаңыланган 11:36 27.02.2021)
Эки чоочун киши эшиктин алдында турган, дагы экөө объектинин ичине кирип, фонарик жандырып бир нерсе издеп жатышкан.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Милиция кызматкерлери “Бишкек суу каналдын” имаратына уурулукка кирүүгө аракет кылган төрт адамды кармады. Бул тууралуу ИИМдин кайтаруу кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милициянын старшинасы, кайтаруу полкунун кызматкери Нурсейит Бекназар уулу “Бишкек суу каналдын” бир объектисин кайтаруу учурунда, 13-февралда кечки саат 19:00дөр чамасында эшиктин алдында эки чоочун киши турганын байкаган.

Дагы экөө объектинин ичине кирип, фонарик жандырып бир нерсе издеп жатышкан.

“Кайтаруу полкунун кызматкери чоочун кишилерге токтоого буйрук бергенде, качып кетүүгө аракет кылышкан. Бирок милиционер аларды кармоо максатында табелдик куралы менен асманга ок чыгарган. Ошондо гана токтошкон. Бир нече мүнөттөн кийин кармоо тобу жана бөлүмдүн командири келген. Кармалгандар Октябрь райондук милиция бөлүмүнө жеткирилди”, — деп айтылат маалыматта.

Кайтаруу кызматы кармалган төрт адам имаратка уурулук кылуу максатында киргенин белгиледи. Тергөө иштери жүрүп жатат.

13
Белгилер:
кайтаруу, милиция, имарат, уурулук, кармоо
Тема боюнча
Айып короодогу 20 унааны каттайм деп 170 миң сом алып из жашырган. Шектүүнүн сүрөтү
Сүлүктүдө мечиттен 77 миң сом уурдады делген адам кармалды