Бишкектин Свердлов районуна жаңы аким дайындалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүПортфельчен адам. Архив
Портфельчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы аким Мурат Осмонов кесиби боюнча физик-инженер.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Мурат Осмонов Свердлов районунун башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Тийиштүү буйрукка бүгүн, 21-январда, борбор калаанын мэри Азиз Суракматов кол койду.

"Мурат Осмонов кесиби боюнча физик-инженер, юриспруденция боюнча дагы билими бар. Буга чейин Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси болгон", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Свердлов районунун мурдагы акими Самарбек Болотбеков башка ишке которулгандыгына байланыштуу кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0