ЖК комитети транспорт министрине Жанат Бейшеновдун талапкерлигин жактырды

Жазылуу
Жанат Бейшеновдун талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөткөн.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери Жанат Бейшеновдун Транспорт жана жолдор министрлигине талапкерлигин жактырды.

Анын талапкерлиги өткөн жуманын шейшемби күнү Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети карап колдоп берген. Бул туурасында аталган комитеттин мүчөсү Кенжебек Бокоев билдирди.

Ал эми Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет дагы Бейшеновдун талапкерлигин жактырганын комитеттин төрайымы Махабат Мавлянова тастыктады.

Жамшитбек Калилов: министр болуп иштөөгө менин моралдык укугум жок. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жамшитбек Калилов: министр болуп иштөөгө менин моралдык укугум жок. Видео
Эми ушул шаршемби күнү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралмакчы.

Жанат Бейшеновду транспорт жана жолдор министри кызматына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган.

Бейшенов 2006 – 2007-жылдары аталган министрликте министрдин орун басары болуп иштеген. 2014-жылы премьер-министрдин кеңешчиси, ал эми 2017-жылдан тарта Евразиялык экономикалык кеңештин Транспорт жана инфраструктура департаментинин темир жол бөлүмүнүн жетекчиси болгон.

Мурдагы министр Жамшитбек Калилов орун басары коррупцияга айыпталып кармалгандан кийин отставкага кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0