Транспорт министрлигине талапкер Бейшенов депутаттардын сынына кабылды

Жазылуу
Эл өкүлү талапкерлерди алып келип жатканда анын тажрыйбасына көңүл буруу керектигин эскертти.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров транспорт жана жолдор министрлигине талапкер Жанат Бейшенов билими боюнча жолчу болгону менен бир күн да жол тармагында иштебегенин айтып, министрликти кантип башкарарына кызыкты.

Депутат талапкерге чоң трассадагы кум-шагылдын калыңдыгы канча болушу керектигин сурады. Бейшенов азыр Транспорт министрлигинде иштебей турганын айтты.

"Жол тармагында бир күн иштебеген кишини алып келип коюп жатасыңар. Бул жигит барып ошол жердеги мафияга аралашып билип чыккыча бир жыл өтөт. Эмне бизде иштеп жүргөн адистер жокпу?" — деп Сабиров суроо салды.

Эмнеге 10-класстын окуучусу дейсиз! Депутат менен Жогорку сот төрайымынын акыйнеги - Sputnik Кыргызстан
Эмнеге 10-класстын окуучусу дейсиз! Депутат менен Жогорку сот төрайымынын акыйнеги
Эл өкүлү, андан сырткары, талапкерлерди алып келип жатканда алардын тажрыйбасына көңүл буруу керектигин эскертти.

"Бул баланы дароо министр эмес, биринчи жол куруучу кылгыла, андан кийин облуска келсин, андан кийин республикага келсин, андан соң чыгаргыла да", — деди депутат.

Сабиров ошондой эле премьерге "кадр ишин жөндөп кете албаса, кызматтан кетсин" деген сунушун айтты.

"Кудайды карабайсыңарбы, Абылгазиевге айта барыңыз, эгер иштей албай жатса, иштей албай жатам дебейби", — деди Сабиров.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов депутаттын сунушун премьерге жеткире барам деп сөз берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0