Фархад Бекманбетов чуусу көп циркти жетектемей болду

© Фото / пресс-служба Минкультуры КРЗаместитель министра культуры Фархад Бекманбетов
Заместитель министра культуры Фархад Бекманбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиешелүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койгон.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Фархад Бекманбетов Абубакир Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик цирктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Тиешелүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койгон.

Өзгөчө митинг. Жогорку Кеңештин алдында өткөн акциянын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө митинг. Жогорку Кеңештин алдында өткөн акциянын видеосу
Цирктин мурдагы жетекчиси Курмангазы Исанаев 20-декабрда кызматынан бошотулган. Исанаев 2004-жылы 6-октябрда ошол кездеги премьер-министр тарабынан дайындалган.

Ноябрдын соңунда цирк жамааты жетекчисине нааразычылык билдирип, мекемедеги пикир келишпестик тууралуу Жогорку Кеңеш трибунасынан айтылган.

Фархад Бекманбетов бир катар кыска жана толук метраждуу тасмалардын продюсери, "Айтыш" фондусунун жетекчиси, КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматтарын аркалаган.

Жакында эле цирк кызматкерлери Ак үй алдына өзгөчө митингге чыгып, аттардын коштоосунда оюн көрсөтүп жетекчилик кызматка жаачы Аида Акматованы көрсөтүп жаткандыктарын айтышкан

Жаңылыктар түрмөгү
0