ЕККУнун желеги. Архив

Кыргызстан ЕККУдан эмне пайда көрдү? 27 жылга саресеп

177
(жаңыланган 09:32 04.02.2019)
Кыргызстан 27 жыл мурун Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө болгон. Бул убакыт аралыгында КР ири эл аралык уюм менен кандай иштерди жасап, тараптар эмнелерге жетише алды? Sputnik Кыргызстан агенттиги чейрек кылымдан ашык убакытка көз салып көрдү.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) 1975-жылы түзүлгөн. Максаты коопсуздук жаатында иш алып барып, уюмга мүчө болгон мамлекеттер арасындагы мамилени жакшыртуу болуп саналат.

Кыргызстандын милдеттемелери

Кыргызстандын жана Бириккен Улуттар Уюмунун желектери. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Кыргызстан эгемендикти алган соң Бириккен Улуттар Уюмуна толук кандуу мүчө болгонго чейин эле 1992-жылы 30-январда Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө болуп, Хельсинки жыйынтыктоочу актысына, Париж хартиясына кол койгон. Муну менен көз карандысыз мамлекет катары демократиялык коомду түзүү, адам укуктарын коргоо, талаш маселелерди тынчтык жолу менен чечүү, башка өлкөлөрдүн мамлекеттик чек арасын урматтоо өңдүү бир катар милдеттемелерди өз мойнуна алган. Кийинки жылы Вена шаарында Кыргызстандын ЕККУдагы туруктуу өкүлчүлүгү ачылган.

Эки тараптуу кызматташуу

Учурда аталган уюмга Европа, Азия жана Түндүк Американын 57 мамлекети мүчө. Алардын арасында коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан да бар. Уюмдун министрлер кеңеши жылына бир жолу жолугуп, жетектөөчү борбордук орган катары чечимдерди кабыл алат. Ошондой эле туруктуу кеңеш да өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жумасына бир жолу айрым маселелерди ортого салат. 1998-жылдын 23-июлунда ЕККУнун Туруктуу кеңеши Бишкек шаарына борбор ачуу жөнүндө чечим кабыл алып, ал 1999-жылы өз ишин баштаган. Уюм Кыргызстанда негизинен билим берүү, сөз эркиндиги, экология, экономика, коопсуздук, адам укуктары боюнча иш алып барып, мамлекеттик органдар менен тыгыз иштешип келет. Мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик дараметин арттырууга, күч түзүмдөрүнүн техникалык базасын жакшыртууга, шайлоолорду ачык-айкын өткөрүүгө жана калктын социалдык-экономикалык абалын жогорулатууга көмөктөшөрү айтылат. Тараптардын кызматташуусунун алкагында 2004-жылы Бишкекте ЕККУнун академиясы өз ишин баштаган. Азыркы маалда ал жакта Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Афганистан жана Монголиядан чогулган жаштар билим алууда.

ЕККУ менен КРдин "сууган" мамилеси

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2016-жылдын сентябрь айында Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Венадагы катчылыгына Бишкектеги ЕККУнун макамын өзгөртүү боюнча нотасын жөнөткөн. Айрым ЖМКлардын маалыматына ылайык, мындай кадамга кыргыз тарап 2010-жылы улуттар аралык жаңжалды тутанткан деп айыпталып, сыртынан өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылып, издөөгө алынган Кадыржан Батыровдун ЕККУнун жыйынында сөз сүйлөөсү себеп болгон. Ошол учурда Варшава шаарындагы жыйынга өлкө атынан президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Мира Карыбаева катышып, Батыров сүйлөй баштаганда нааразылык билдирип, залдан чыгып кеткен. Ошентип кийинки жылы Бишкектеги борбордун макамы программалык кеңсеге алмаштырылып, аймактардагы ЕККУнун бир катар мекемелери өз ишин токтоткон.

Төрөгалыкты көксөгөн Кыргызстан

Кыргызстан 27 жыл ичинде бир дагы жолу ЕККУда төрагалык кылган эмес. Бул вазийпаны аткарган мамлекеттин тышкы иштер министри бир жыл бою ЕККУнун ишмердүүлүгүнүн башында туруп, жыл сайын өтчү жыйынды өз аймагында уюштурат. Аталган милдетти коңшу өлкөлөрдүн ичинен Казакстан 2010-жылы аткарып, Астана шаарында өткөн саммитте юбилейлик декларация кабыл алынган.

Каржылык колдоо

Учурда ЕККУнун Бишкек шаарындагы миссиясында 107 кыргызстандык, 13 чет элдик жаран иштейт. Кеңсенин 2018-жылдагы бюджети 6 миллион 797 миң 400 еврону түзгөн. Ал эми акыркы 20 жыл ичинде уюм Кыргызстанга 120 миллион еврого жакын каражат бөлгөн.

177
Белгилер:
уюм, кызматташтык, ЕККУ, Кыргызстан
Тема боюнча
ШКУга мүчө өлкөлөр уюм бюджетине канчадан акча чогултушат? Жээнбековдун Жарлыгы
ТИМ ЕККУнун өлкөдөгү макамын өзгөртүү тууралуу нота жибергенин тастыктады
Киши ант берип жаткан учурда. Архив

Антымды бузсам жоопкерчилик тартууга даярмын! Өкмөт мүчөлөрү ант берди

17
(жаңыланган 17:06 28.10.2020)
Өкмөттүн 22 мүчөсү бар: премьер-министр, үч вице-премьер, 12 министр, төрт мамлекеттик комитеттин башчысы жана министр рангындагы өкмөттүн аппарат жетекчиси.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Премьер-министр Садыр Жапаров жана жаңыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрү кызматына киришип жатып ант беришти.

Жогорку Кеңештин жыйыны "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.

"Кызматка киришип жатып, өз элимдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана президентинин алдында КР Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз милдеттеримди ак ниет менен берилип аткарууга, Кыргызстан элинин алдында кызмат кылууга ант беремин! Берген антымды бузган учурда КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын", — дешти өкмөт мүчөлөрү.

Садыр Жапаров депутаттардын алдында ант берди. Видео

Соңунда Жапаров аларга кайрылып,болгон билим, тажрыйбасын өлкөнү өнүктүрүүгө, абалды турукташтырууга жумшоого чакырды. Ошондой эле Конституциялык реформаларды бир адамдын эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн жүргүзүүгө жардам берерине ишеним артты.

КР өкмөтүнүн 22 мүчөсү бар: премьер-министр, үч вице-премьер, 12 министр, төрт мамлекеттик комитеттин башчысы жана министр рангындагы өкмөттүн аппарат жетекчиси.

17
Белгилер:
ант берүү, өкмөт, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Депутаттар Исмаилованы социалдык өнүктүрүү министри кызматына колдогон жок. Видео
Жапаров кимдерди бийликке алып келди. Өкмөттүн жаңы курамын таанып алыңыз
Премьер-министр Садыр Жапаров

Садыр Жапаров депутаттардын алдында ант берди. Видео

65
(жаңыланган 16:48 28.10.2020)
Учурда ЖКнын жыйыны “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат. Жаңы куралган өкмөттүн мүчөлөрү ант берип жатышат.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Премьер-министр Садыр Жапаров кызматына расмий киришүү үчүн парламентте ант берди.

Жогорку Кеңештин жыйыны “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.

“Мен, Жапаров Садыр Нургожоевич, премьер-министрдин кызматына киришип жатып, өз элимдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана президентинин алдында КР Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз милдеттеримди ак ниет менен берилип аткарууга, Кыргызстан элинин алдында кызмат кылууга ант беремин! Берген антымды бузган учурда КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын”, — деди Жапаров.

Учурда өкмөт мүчөлөрү дагы ант берип жатышат.

65
Белгилер:
ант берүү, өкмөт, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Жапаров президенттиктен кетсе өлкө башчынын милдетин ким аткарат
Жапаров кимдерди бийликке алып келди. Өкмөттүн жаңы курамын таанып алыңыз