Керим Турапов Опера жана балет театрынын башкы директору болду

© Sputnik / Табылды КадырбековОперный певец, народный артист КР Керим Турапов
Оперный певец, народный артист КР Керим Турапов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Театрды буга чейин башкарган Болот Осмонов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. КР эл артисти Керим Турапов Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Оперный певец, народный артист КР Керим Турапов - Sputnik Кыргызстан
Керим Турапов: музыка мектебимди тартып алганда баарына кол шилтеп кетип калдым
Ал эми театрды буга чейин башкарган Болот Осмонов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Улуттук опера жана балет театрында Dota-2 компьютердик оюнунун турнири өткөрүлгөнүн сынга алышкан. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов иштин чоо-жайы териштириле турганын жана мындан ары мындай иш-чараларды маданий жайларда өткөрүүгө тыюу салынарын билдирген

Керим Турапов Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясын да жетектеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0