Абылгазиев ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат. Программа

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алматы шаарында ири эки иш-чара өтөт. Ага Кыргызстандын атынан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышат.

АЛМАТЫ, 1-фев. — Sputnik. Бүгүн, 1-февралда, Алматы шаарында Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Андан сырткары, "Глобализация доорундагы санариптик күн тартиби 2.0" аттуу форум болот.

Иш-чараларга Кыргызстандын атынан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышат.

Церемония фотографирования глав государств-участников Содружества Независимых Государств после заседания Высшего Евразийского экономического совета в расширенном составе. - Sputnik Кыргызстан
Мунайдын жалпы рыногун түзүү. ЕАЭБ саммитинде кол коюлган документтер

Алгач форум өтөт, ал Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында уюштурулган. Ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары катышат. Ошондой эле ЕЭК коллегиясынын төрагасы, эл аралык IT-компанияларынын жетекчилери, технология индустриясынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, бизнес өкүлдөрү жана маалымат технологиясы жаатындагы эл аралык эксперттер катышат.

Форумдан соң өкмөттөр аралык кеңештин тар чөйрөдө жана кеңири форматтагы жыйыны пландалган. Анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0