Беш эсе! Кашкар Жунушалиев президентке кылмыштар эмнеге көбөйүп кеткенин айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков принял министра Кашкара Джунушалиева
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра Кашкара Джунушалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылдын январында эки миңге жетпеген кылмыш катталса, быйыл январда 10 миңге жеткен.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-февралда, өлкөнүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, министр 2018-жылдын жыйынтыгы жана 2019-жылга карата пландар тууралуу айтып берген.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-февралда, өлкөнүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды.
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-февралда, өлкөнүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-февралда, өлкөнүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМинистр 2018-жылдын жыйынтыгы жана 2019-жылга карата пландар тууралуу айтып берген.
Министр 2018-жылдын жыйынтыгы жана 2019-жылга карата пландар тууралуу айтып берген. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Министр 2018-жылдын жыйынтыгы жана 2019-жылга карата пландар тууралуу айтып берген.
1/2
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-февралда, өлкөнүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды.
2/2
Министр 2018-жылдын жыйынтыгы жана 2019-жылга карата пландар тууралуу айтып берген.

"2019-жылдын январында 10 миңден ашуун кылмыш жана жоруктар катталса, өткөн жылдын январында эки миңге жетпеген кылмыш аныкталган. Бул бардык кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталып, натыйжада кылмыштарды жаап-жашыруу азайганына байланыштуу болууда", — деди Жунушалиев.

Ал ошондой эле коомдо чоң талкуу жаратып, милиция кызматкерлери да айыпталып жаткан кылмыштар жөнүндө маалымат берди.

Алтын кен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президентти ызаланткан 41 "алтын" лицензиянын ээси аныкталды
"Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасындагы кылмыштардын бетин ачуу көбөйдү. Бул коррупция менен күрөштүн жана ИИМде ишке ашырылып жаткан реформанын жыйынтыгы. Күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык жазасын алат. Биз таза, ачык жумушту жүргүзүүнү уланта беребиз", — деди министр.

Ал милициянын аброюна шек келтирген таза эмес кызматкерлерден ички иштер органдарынын катарын тазалоо иши улантылып жатканын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков болсо кыргызстандыктар ички иштер органдарынан кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү олуттуу жыйынтыктарды, тартип жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча эффективдүү иш-аракеттерди күтүп жатканын билдирди.

"Коомчулуктун ички иштер органдарына карата сын-пикирлери көбөйгөнүн эске алып, ИИМ өздүк курамды таза эмес кызматкерлерден тазалоо боюнча ачык ишти улантууга тийиш. Республиканын ички иштер органдарындагы реформалар биринчи кезекте милиция кызматкерлеринин коомчулук алдындагы жоопкерчилигин жогорулатууга багытталышы зарыл. Жарандар "Менин милициям мени коргойт" деп кайрадан ишеним менен айткандай деңгээлге жетишибиз керек", — деди президент.

Мамлекет башчы ИИМдин жол коопсуздугун камсыздоочу бөлүктөрүн реформалоого багытталган иш-чараларды жүргүзүүнүн маанисин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0